Кыргызстанда "Аялдар өзгөрүү алып келет" аттуу өнөктүк башталды. Гендердик теңчиликке жетүү максатын көздөгөн өнөктүк 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин уланат. Анын алкагында лидер аялдар тажрыйбасы менен бөлүшүп, саясатка аралашуунун күңгөй-тескейин, маанисин башкаларга түшүндүрүшөт. Лидер аял деген ким, ал кандай сапаттарга ээ болушу керек? Чоң саясатка аралашуу же жетектөөчү орундарга келүүдө кандай тоскоолдуктар күтүп турат жана кандай жолду басып өтүү керек? "Аялзат" берүүсүндө биз ушул суроолорго жооп издейбиз.