“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова баян жөнөттү. Ал 73 күндүк карантинди кандай өткөргөнүн баяндайт. Кризистик борборго баш калкалап келген кыз-келиндердин абалын, карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн мисалдар менен айтып, кейиди.