- MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
- Бишкектеги мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү тергелип жаткан маалда Кара-Суу районунда мушташтан кийин окуучу ооруканада көз жумду.
- АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү.