Азаттык үналгысы

Кечки радио эфир | 20.02.2025 | Жер кодекси: нааразы болгон жарандарга президент жооп берди


Listen Later

Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирди. Анда президент менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин билдирген. Жапаров жеке менчик жерлер жергиликтүү бийлик тарабынан текшерилип турушу керектигин айтып, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырды.
20-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, президентке кайрылуу жазылган кагазга кол койгондон кийин тарашкан.
...more
View all episodesView all episodes
Download on the App Store

Азаттык үналгысыBy ЭЕ/АҮ