Share Таберик
Share to email
Share to Facebook
Share to X
By Aizada Kalkanbekova
The podcast currently has 7 episodes available.
Таберик подкастынын 6- чыгарылышы мурунку чыгарылыштардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат.
Анткени, буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнай алдым. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле баалуу маалымат менен бөлүшүп жатты. Мына ошолордун негизинде “Жаш балдарга байланыштуу каада-салттарды” чогултууга да жетиштим. Бүгүн мен өзүм чогулткан маалыматтарды сиздер менен бөлүшүүгө даярмын. Бала төрөлгөндөн баштап, ал жетилип, үйлөнүп, өзүнчө түндүк көтөргөнгө чейин кандай жөрөлгөлөр бар экенин айтып берем.
Өзүмдүн жашоодогу практикама ылайык, кээ бирөөсүн колдонсок, кээ бирөөлөрүн таптакыр эле билбептирмин. Буларды айтып бере турган адамдар дагы өтө аз экен, муну иш жүзүндө көрүп отурам. Ушундан улам, улуу муундардан сурап, билип калбасак, кийинки муун таптакыр эле салт-санаанын түпкү маанисин билбей калабызбы деген да коркунуч пайда болду менде. Бирок азыр убакытыбыз жана мүмкүнчүлүгүбүз бар учурда Таберикти сактап калуу өтө маанилүү болуп турат.
Ар бир мезгилди жана адамды убагында баалап- барктап алалы!
Таберик подкасты “Сорос- Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашты, мазмундагы ой- пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таберик подкастынын 4- чыгарылышы "Маркумду узатуу" салтына арналат. Мында биз ата- бабалардан калган салтта эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз. Ал үчүн биз Кожомкул айылына бардык. Кожомкул айылы Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айылдын бирөөсү, айтылуу Каба уулу Кожомкул балбан чыккан жер. Биздин маектешибиз Айнагул Мураталиева дал ушул айылда жашайт. Айнагүл эже өзү айылдагы активист айым, ардактуу эс алууда болсо дагы талыкпай, коомдук уюм түзүп алып, салттуу билимдерди сактап калуу үчүн аракеттерди жасап келе жатат.
Таберик подкастынын 3-чыгарылышы Кыз узатуу салтына арналат.
Ата- бабаларыбыз мурунку замандарда кыз узатуу жөрөлгөсүн кантип кылышкан, азыркы кыз узатуу тойлору менен айырмасы кандай? Кыз узатуудагы кайсы салттар сакталып калды? Ашкере ысырап жана куру намыс коомду эмнеге алып келиши мүмкүн?
Бул суроолорго жооп алыш учун эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасынын татыган, ардактуу аксакал Үсөн Бурканбаев менен маек курдук.
Мурда ата- бабалар батага абдан терең маани берип келишкен. Улуу адам бата берип жатканда, баары тыптынч болуп угуп, батанын маанисине көңүл буруп, бата алуу үчүн узак жолдорду жүрүп улуу адамдардан бата алып келишкен. Ал эми азыр бата берүүнү баары эле биле береби? Жаштар бата алуунун наркын билишеби? Бата берүү азыр да жашап, жаны заман менен бирге өмүрүн улантып жатабы? Мына ушул суроолордун тегерегинде Таштанбай Абдиев менен маектештик.
Биринчи чыгарылыш- учурда жылы бою байма- бай болуп келген тойлордун өткөрүлүшүнө арналат.
Айрыкча күз мезгилиндеги тынымсыз келген чакыруу билеттер, чакыруу колуна тийген ар бир адамдын реакциясы, ой-жүгүртүүсү, тойго даярданып баруусу жана албетте канча кошумча беришим керек деген санаасы ар бир конокко маалым болушу керек.
Тойлорго жумшалган ашыкча каражаттар, тамак-аштар жана куру намыс үчүн карызга батуу. Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы?
Ушул теманы ачып берүүдө тамада, чыгармачыл инсан, ырчы жана төкмо акын Талант Асаналиев менен маектешебиз
Жылы бою биринин артынан бири өткөрүлүп келген аш-тойлорго, чакырылган адамдар күздүн күнү барып жетише албай калган учурлар көп. Чакыруу алган адам кайгырып, кайсы тойго же ашка барып жетишерин билбей турган маалда, той же аш өткөрүп жаткан үй-бүлө Элге уят болбой, Эл алдында көрүнүп туралы, карыз болсок бир күнү кутулабыз деген тобокелдикке барып жаткан учурлар аз эмес. Менин биринчи кыргыз тилиндеги подкастымда каармандар менен кыргыздын ата-бабадан калган салттарын өзгөрүүгө дуушар кылып, обу жок иш-чараларды кошуп, чектен чыккан чыгымдар жана ысырапкорчулукту талдайбыз.
Темага байланыштуу ой-пикирлер болсо 0501603063 номери аркылуу калтырсаңыз болот.
Подкастын автору Айзада Калканбекова, "Суусамыр" жамааттык радиосунун негиздөөчүсү, Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин башкаруу кеңешинин башчысы, "Сорос- Кыргызстан" Фонду тарабынан уюштурулган окутууга катышкан.
The podcast currently has 7 episodes available.