Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров Нарын шаарында салынып жаткан жолго байланыштуу кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө оңдоодогу мыйзам бузуулар үчүн Кылмыш жаза кодексининин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон иштин алкагында кармалды. Учурда кармалгандар Ат-Башы раймилициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.