Борбордук шайлоо комиссиясынын жумуш тобу Жогорку Кеңешке шайлоодогу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал эртең каралат деп пландалууда.