Азаттык үналгысы

Жаңылыктар | 12.07.2025 | Үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү сунушталды


Listen Later

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштады. Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөк пул аларын “улуттук жаңжал” деп атады. Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.
Мындан улам ал өкмөттү жана депутаттарды үч жашка чейинки ар бир балага жөлөк пул берүүнү киргизүү маселесин карап көрүүгө чакырды.
...more
View all episodesView all episodes
Download on the App Store

Азаттык үналгысыBy ЭЕ/АҮ