Азаттык үналгысы

Жаңылыктар | 16.05.2025 | Стамбулда орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды


Listen Later

Орусия менен Украинанын 3 жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды.
Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат. Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кандай майнап чыгышы мүмкүн? Сүйлөшүүгө барбай койгон орус президентинин көздөгөнү эмне? Эксперттер ой калчашат.
Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко кайрылды.
Бишкекте жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн өзбекстандык кыздын апасы жардам сурайт. Университетти быйыл аяктайм деп турган 25 жаштагы Азиза бир жарым айдан бери эсине келбей жатат.
...more
View all episodesView all episodes
Download on the App Store

Азаттык үналгысыBy ЭЕ/АҮ