Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине байланышкан соңку окуялар жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасына байланыштуу талкуу жаратты. Соңку кездери Кыргызстанда айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине, жарандарга корс мамиле жасаганы, ачык кагып-силккени көндүм адатка айланды. Мындан улам коомчулукта сын-доомат көбөйдү. Президент Садыр Жапаров дагы жетекчилерди орой болбоо тууралуу эскертти.