Share Айылга арналган өмүр
Share to email
Share to Facebook
Share to X
By Barchyn Mamytbekova
The podcast currently has 8 episodes available.
"Айылга арналган өмүр" подкастынын жаңы чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы орто мектебинин мугалими Айна Жакыпова менен маектештик. Көркөм сөзгө чебер эже менен мугалимдердин бардык доордогу жашоосу, кыйынчылыктары, окуучулардын китебинин ижара акысына айлыгын кармап калып, кесиптеши ыйлаган кезди, учурдагы аралыктан окутуу, мугалимдердин эмгекчилдиги, келин-кайын эне мамилеси, үй-бүлөсү тууралуу кызык окуяларды эске салдык.
"Айылга арналган өмүр" аттуу подкасттын бул чыгарылышында жаш мугалимдер Ширин Рыскелдиева жана Тураркан Нурдөөлөтова мугалимдик алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар, жаңы коллективге көнүү жана ордун табуу үчүн жасалган аракеттер, сүйүү, үй-бүлөдөгү мамилелер тууралуу ой бөлүштү. "Жакшы гана ойлорду ойлош керек. Баары жакшы болот" деген каармандар учурдагы өзгөчө кырдаал бир прогресске алып барат деп ишенишет.
Ардактуу угарманым! Айылга арналган өмүр" подкастымдын жаңы чыгарылышы даяр болду. Бул жолу бир топ жылдар аскер кызматында жүрүп, билим берүү тармагына кокусунан келип калган Каныбек агай менен жашоо, өмүр, сүйүү, үй-бүлө, бала тарбиясы жана учурга байланыштуу билим берүүнүн абалы тууралуу сүйлөштүк. "Бирөөгө жамандык кылгандан корком. Баары кайтып келет. Анткени бул дүйнө кайтар дүйнө деген каарманыбыз сүйүү бар деп ишенет.
Ардактуу угарманым! “Айылга арналган өмүр” долбоорунун жаңы чыгарылышын сунуш кылам. Сиздерге мурда кабарлагандай бүгүн жалгыз бой мугалим эне менен маектешебиз. Каарманым Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Молдакунова.
Адам баласы бул дүйнөгө жаралганда анын мандайына жазылган тагдыры болот жана андан эчким эч кайда качып кутула албайт деп айтылат эмеспи. Арабызда мына ошондой бешене менен жалгыздыктын кучагында жашаган жалгыз бой энелер бар. Бирок алар жалгызмын деп отуруп калбай балдарын да багып, билим берип, тарбиялап, ошол эле учурда кызматта да иштеп келишет.
Убактыңызды бөлүп угуп жана бөлүшүп коюңузду өтүнөм! Чоң рахмат угарманым!
"Айылга арналган өмүр" подкастымдын бул чыгарылышында мигрант мугалим менен маектештик. Мектепти таштап, мугалимдердин да мигрант болуп, сыртка чыгып кетиши өкүнүчтүү!
Жашоо адамды дүйнөнүн кайсы гана тарабына таштабайт. Учурда дегеле кыргыз баласы жүрбөгон дүйнөдө өлкө жок болсо керек. Мен дагы бир учурда мигрант баскан жолду басып, даамын татып көрдүм эле. Бирде сүйүнгөн, бирде күйүнгөн көп күндөрдү кечирдим... Мигранттын сапары дайыма эле ойдогудай ачык жана байсалдуу боло бербей турганын, акча арыкта агып турбасын жон терим менен сездим. Анда эртен сөзсүз жай турмуш келет деген тилек менен каарманым Жеңишкүл Бактыбай кызы менен Москванын таасирлери, жашоосу жана мектептеги иштеген жылдары, үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу сүйлөштүк
Долбоор "Сорос Кыргызстан" фондусунун колдоосу менен даярдалды. Материалдагы маалыматтар фонддун пикирин билдирбейт!
Угарманым! Убактыңыз болгондо угуп жана бөлүшүп коюшунузду өтүнөм. Алдын ала чоң рахмат. Урматым менен Барчын.
Подкасттын бул чыгарылыштагы каарманы -Светлана Кенеева. Ак-Талаа районундагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу. "Лягушка прыгает" дегенден башканы түшүнбөгөн Света эже студенттик жылдары, таң атпай апийим кырган, пахта терген айыл чарба жумуштары турмушка бышырганын айтат. Комсомолдо иштеп жүргөндөгү жоопкерчилик, уй фермаларда өткөргөн күндөр, мектептеги жылдардагы кызыктуу окуялар, түйшүктүү иш жана жеке турмушу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
Урматтуу угармандарым! Менин "айылга арналган өмүр" подкастымдын "Кыялы ишке ашпай калган Чолпон эже" деген аталыштагы биринчи чыгарылышын сунуштайм! Подкастым Ак-Талаа районунда мугалимдик, жетекчилик кызматтарда эмгектенип келген Чолпон Рысбаева жөнүндө болмокчу. Белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун эн алгачкы шакирттеринин бири болгон Чолпон эже "Кабагың бүркөө, артис боло албайсын" деген сынды укканына карабай сахна адамы болууну кыялданган. Иштен рахат алам деген каарманыбыз учурда бала бакчанын жетекчиси. Эженин мугалимдик өмүр жолу сиздерди кайдыгер калтырбайт деп ишенем. Подкаст тууралуу бардык ой-пикирлерди кабыл алууга даярмын! Балким кийинки подкастымдын каарманы сиз болуп калышыныз дагы ыктымал!
The podcast currently has 8 episodes available.