Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңылыктар | 24.11.2025 | Путиндин Бишкекке сапары: Мектептер онлайнга өтөт
    Бишкектеги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине карата 25-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөргө чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Ошондой эле жолдогу тыгынды болтурбоо максатында мектептер жана окуу жайлар онлайн окутууга өтөрүн маалымдады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 23.11.2025 | Башаламандык уюштурууга шек саналгандардын бөгөт чарасы каралууда
    Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалгандар бөгөт чарасын аныктоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
    "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, соттун дарбазасы жабык турат, эч кимди киргизишкен жок.
    Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын үч киши болуп бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга жайылтылган.
    Ушул эле күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 22.11.2025 | Султанбековго кылмыш иши козголду, ИИМ чуулгандуу видео таратты
    Ички иштер министрлиги 27 жаштагы С.Т. аттуу жаранды "массалык башаламандыкка чакырууга" байланыштуу милицияга жеткирип, тергөө иштерин баштаганын билдирди. Ушул эле күнү анын жана бир катар таанымал саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду.
    "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине жеткирилгенин 22-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты. Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.
    30 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…