Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 85 episodes available.
September 04, 2022Композиторду өксүткөн жагдайларКомпозитор, илимий редактор, окутуучу Райхан Бейшеналиева “Ачык Time” подкастынын коногу. Ал Кыргызстандан Түркияга кетүүгө мажбур болгонунун себеби, кыргыз музыкасындагы азыркы абал, мамлекеттик наамдар жана маданияттагы оош-кыйыштар тууралуу ой бөлүштү....more30minPlay
August 22, 2022Элүүдөн кийин турмуш курган айымдар - Август 22, 2022Турмуштун ар кандай сыноосуна туш болуп, кайра жаңыдан турмуш кургусу келгендер үчүн баарын ак барактан баштоого туура келет. Ал үчүн кандай сыноолор бар жана андан кантип жабыркабай өтүп кетүү керек? "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн аудиосун "Ачык Time" подкастында сунуш кылабыз....more37minPlay
August 10, 2022Раиса: Котормо аркылуу балдарга дүйнөнү ачабыз - Август 10, 2022Раиса Сайран Кадыр Казакстандагы Steppe&WORLD Publishing басма үйүнүн негиздөөчүсү. Беш жылдан бери дүйнө адабиятын казак тилине которуу менен алектенет. Раиса баштаган топ "Гарри Поттер" чыгармасын казак тилинде чыгарды. Ал Казакстандагы китеп индустриясы жөнүндө "Ачык Time" подкастына маек курду....more10minPlay
July 27, 2022Миграция: кусалык коштогон балалык - Июль 27, 2022Кыргызстанда ата-энеси алыска иштеп кеткен балдардын саны жүз миңден ашты. Алардын ичинен беш жарым миңдей бала туугандык байланышы жок эле адамдардын колунда калган. "Ачык Time" подкастын ушул темага арнадык....more10minPlay
July 16, 2022"Талкуулап эле кала беребиз". Тыйылбаган педофилия - Июль 16, 2022Кыргызстанда 13 жаштагы кызды "жарым жыл бою зордуктап жүргөн" деп айыпталган төрт адамдын экөө милиция кызматкери болгон. Өспүрүм кызга жасалган зомбулук тууралуу "Эже-сиңдилер" берүүсүндө талкуулаганбыз. Анын аудиосун "Ачык Time" подкастына жарыяладык....more34minPlay
July 03, 2022"Көзүмө сурма жасатам деп өкүндүм". Пластикалык хирургиядан жапа чеккендер - Июль 03, 2022Бишкекте липосакция операциясын жасаткандан кийин каза тапкан аялдын окуясы өлкөдөгү сулуулук клиникалары жана косметологиялык салондордогу жоопкерчилик маселесин күн тартибине чыгарды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул темада уюштурулган талкууну Ачык Time подкастына жарыяладык....more38minPlay
June 12, 2022"Эч нерсе болбойт, өлбөйт". Балдарды иштетүү кыйнообу? - Июнь 12, 2022Балдардын эмгеги жана ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөшөбүз. "Эже-сиңдилер" программасындагы бул талкууну "Ачык Time" подкаст аянтчасында сунуш кылабыз...more35minPlay
May 26, 2022Подиатр Бообеков: Акчанын жоктугунан бутун кестиргендер болууда - Май 26, 202236 жаштагы Максат Бообеков - кант диабети менен ооруган адамдардын буту-колун ампутациядан сактап калган подиатр дарыгер. Ал Түркияда билим алып, он жылдан ашуун иштеп келген. Эки өлкөдөгү кант диабети менен ооругандарды дарылоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди....more21minPlay
May 25, 2022"Ислам эркин ой жүгүртүүнү чектебейт" - Май 25, 2022Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китебинин бет ачары өттү. Китепте автордун азыркы коомчулуктагы диний, социалдык жана башка көйгөлөр боюнча макалалары топтоштурулган. Окурмандар арасында китепке жылуу пикирин айткандар менен катар эле автордун эмгегин сындагандар бар. Китептин мазмуну, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу Элмурат Кочкор уулу менен маек курдук....more22minPlay
May 21, 2022Сексуалдык ыдык: коомдун жарылган жарасы"Ачык Time" подкастында кыз-келиндерге ыдык көрсөтүү темасына кайрылып, анын кесепетин жана жашоодогу таасирин талдайбыз. Талкууга беш жашында ыдык көргөн Зыйнат жана жүздөгөн кыздардын арыз-муңун коомго алып чыккан актриса, блогер жана алып баруучу Назира Айтбекова катышты....more25minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 85 episodes available.