Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазын
    Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз.
    23 min
  • Эсенбай Нурушев: Азыркы дүйнөгө акылгөйлүк жетпей турат
    Бул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду
    4 min
  • Курсагы ач, каны аз, салмагы оор өспүрүмдөр
    Кыргызстанда 10 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын көпчүлүгүнүн көзү начарлап, 21% ашыгы аз кандуулук менен жабыркаса, 40% чукулу толук кандуу тамактанбайт. Ошол эле маалда ашыкча салмактан жабыркаган өспүрүмдөр барган сайын көбөйүүдө.
    13 min
  • Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө?
    Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.
    18 min
  • Ачык Time: Мода дүйнөсүндөгү мырзалар
    Кыргызстанда модель бизнесине аралашкан мырзалар көбөйдүбү? Мода дүйнөсүнө жол ачкандар? Бул тармактагы жаңы талаптарды кыргыз моделдери менен чогуу талкуулайбыз. “АчыкTime” подкастында бул жолу Кыргызстандагы моделинг жана
    34 min
  • "Мени чөйрө бузду". Маңзаттын айынан камалган мигранттар
    Жакында Орусияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык 7,5 жылга кесилди. 29 жаштагы кыргызстандык интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатууга айыпталган. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө абакта 1282 кыргыз жараны отурат. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусияда. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу.
    Камактагылардын туугандары аларды Кыргызстанга которуу өтө оор процедура экенин айтып келет. "Азаттыктын" "Укугум бар" подкастында Орусиянын абактарында баңгизатка байланыштуу отурган кыргызстандыктар, балдарын зарлап күткөн энелер, алардын укугун коргогон юристтер ушул көйгөй тууралуу айтып беришти.
    22 min
  • Жайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климат
    Нарындын Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков жайыттарды коргоого жан үрөп жүргөн экоактивист. Ал соңку жылдары жайыттардын такырайып кеткенин иликтеп, экологиялык бул көйгөйдүн алдын алуунун камын көрүп жүрөт.
    10 min
  • Төрөттөн кийинки депрессиядан кантип чыкса болот?
    Аялдардын төрөттөн кийинки депрессиясы кыргыз коомунда көп талкууланбайт. Адистер көз жарган келиндердин 80% төрөттөн кийин депрессияга учурай турганын айтышат. Депрессияга кабылган аял өзүн кандай сезет жана анын кандай кесепеттери бар? "Ачык Time" подкастында ушул темага кайрылдык.
    21 min
  • Geos: Отун жакпаган, абаны булгабаган конуш
    Кадимки отун жана газ жакпаган, зыяндуу заттарды айлана- чөйрөгө такыр бөлүп чыгарбаган конуш бар. АКШнын Колорадо штатындагы Geos конушун экоактивисттер, жашыл энергиянын жактыргандар, окумуштуулар жана курулуш жаатында иштеген адистер негиздеген. “Азаттыктын” кабарчысы жашыл конушта болду.
    10 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…