Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 25.03.2025 | Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибинде
    Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талаш-талкууга кабылды. Буга Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду. Ал Бакиевдин уулу Максимге жана анын өнөктөштөрүнө таандык "Элкат" компаниясы мамлекетке өткөнүн, эгер мурдагы президент Кыргызстанга келсе ушул өңдүү бир катар кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө болмоктугун белгиледи. Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.
    30 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Кечки радио эфир | 24.03.2025 | Жол эрежесин билбегендер айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайбы?
    Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Жол эрежелерин билбесе, айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт). Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.
    30 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Кечки радио эфир | 23.03.2025 | Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалды
    Түркияда сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди.
    Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Экрем Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан. Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган.
    30 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 22.03.2025 | Британия Орусиянын 30 млрд евролук активдерин камакка алды
    Улуу Британия союздаш өлкөлөрү менен биргелешип, Орусияга Украинадагы согушун баштагандан берки эң катаал санкция киргизди. Бул тууралуу 21-мартта британ Каржы министрлиги билдирди.
    Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 25 млрд фунт стерлингден (дээрлик 30 млрд евро) ашуун орусиялык активдер камакка алынды.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…