“Азаттыктын” казак кызматы Дубайдан кыймылсыз мүлк алган ар кандай мамлекеттик кызматта иштеген же мурда иштеп кеткен 1550 казакстандык тууралуу алты бөлүмдөн турган “Дубайдагы Казакстан” деп аталган журналисттик иликтөөсүн жарыялады. Биз аталган иликтөөнүн автору Манас Кайыртай уулун кепке тарттык.
УТРК Спорт телеканалынын жамааты Париждеги Жайкы Олимпиаданы чагылдырууда чыңалуу абалында иштеди. Анын себептерин каналдын продюсери Шайырбек Арапов "Сергек жашоо" подкастында айтып берди. Каналдын дарегине айтылган сын-пикирлер, лицензия сатып алуудагы көйгөй жана тил саясаты жөнүндө да сөз болот.
"Сергек Жашоо" подкастынын коногу – Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Талант Калыков. Ал элди сергек жашоого үндөп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту тыюуга чакырып, кыздарга аталардын колдооcу канчалык маанилүү экенин даңазалап жүрөт.
Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын 1 миллиондон көбү миграцияда жүрөт. Чет жакка чыгып кеткен мигранттардын 53% аялдар. "Азаттык" чет жерде иштеген үч аялдын иши, көрүнбөгөн түйшүгү, тагдыры тууралуу баяндайт. Алардын бири Динара Мадиярова.
Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти.
1920-30-жылдардагы репрессия маалында “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, легерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар кармалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандык аялдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова менен талкуулайбыз.
26 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.