Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңылыктар | 14.11.2025 | "Сазга батырган". Жапаров Атамбаевдин энергетика боюнча дооматына жооп берди
    Мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагы боюнча айткан сынына 14-ноябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде жооп берди. Атамбаев Жапаровдун энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу үн каткан эле.
    30 min
  • Жаңылыктар | 13.11.2025 | Орус-казак чек арасында узун кезек: түйшүк тарткан кыргыз ишкерлери
    Орус-казак чек арасында соңку үч айдан бери оор жүк тарткан унаалардын өтүшү татаалдашты. Орус тарап муну контрабандалык товарды Казакстан аркылуу Орусияга ташыган жүк ташуучулардын өтүшүнө чек коюш үчүн текшерүү күчөтүлгөнү менен түшүндүргөн. Мындай жагдай Кыргызстандын тигүү тармагына кесепетин тийгизиди. Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарлары дээрлик өтпөй калганын, айрымдары жабыла баштаганын айта баштады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 12.11.2025 | Энергетика министри бардык майнинг фермалар ишин токтотконун айтты
    Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын билдирди. Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал кылды.
    31 min
  • "Уйку качып, ой басты". Жан ооругандагы кыйкырык
    Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө. Алардын белгилешинче, мындай симптомдордун айынан коомдо суицид, агрессия өңдүү түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өлкөдөгү менталдык оорусу барларга мамиле, дарылоо ыкмалары кандай? Кыргыз психиатриясы өнүгүүдөбү? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн ушул суроолорго жооп издейбиз.
    27 min
  • Жаңылыктар | 11.11.2025 | Бишкекте жер тамдын баасы 30%, батирлердики 20% кымбаттады
    2025-жылдын 10 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкекте жер тамдардын баасы 30%, ал эми батирлердин баасы 20% кымбаттады. Ош шаарында жер тамдардын баасы 26%, батирлердики Бишкектегидей эле 20% өстү.
    Бул тууралуу Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев 11-ноябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн брифингде айтты. Ал башка аймактарда кыймылсыз мүлктү сатуу же сатып алуу көп болбогондуктан баасы бир убакта көтөрүлүп же дароо түшүп кетерин, ушундан улам эки чоң шаарга мониторинг жүргүзүлөрүн кошумчалады.
    “Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын тогуз айына карата инфляция 7,8% түздү. Бирок кыймылсыз мүлктүн баасы инфляциянын көрсөткүчүнөн бир топ жогору”, - деди ал.
    30 min
  • Жаңылыктар | 10.11.2025 | Шайлоонун үгүтү башталды: талапкердин көбү Сокулукта, эң азы Манас шаарында
    Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу үгүт өнөктүгү башталды. 29-ноябрга чейин өлкө боюнча отуз округда 467 талапкер үгүт жүргүзөт. Бул жолку үгүт алдындагы айрым жагдайларга сереп салабыз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 8.11.2025 | Түркия Нетаньяхуну "геноцидге" айыптап, камоого ордер чыгарды
    Стамбулдун Башкы прокуратурасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну баш кылып 37 саясатчы, аскер кызматкерин "Газадагы геноцидге жана аскердик кылмыштарга" айыптап, камоого ордер берди. Бул тууралуу Daily Sabah агенттиги билдирди. Иликтөөдө Израилдин Газага чабуулдарынан 68 миңдей палестин, көпчүлүгү аялдар жана балдар набыт болгону жазылган.
    31 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…