Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Ысык өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн"
    Кыргызстанда быйыл жаз алды менен күн катуу ысыды. Дарыгерлер мындай ысык өнөкөт ооруларды козгоп, айрым учурда өлүмгө да жеткириши мүмкүн экенин айтышат. Климат өзгөрүп жаткан шартта адам ысыктан өзүн жана жакындарын коргой алабы? Кантип тамактанып, кандай иштеп, кайсы адаттарды өзгөртүү керек? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго дарыгер, Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий катчысы Нурболот Үсөнбаев жооп бермекчи.
    24 min
  • Жаңылыктар | 11.08.2025 | ИИМ Көк-Жардагы жер иши боюнча төрт адамды кармады
    Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен үч кызмат адамы жана курулуштарды бузууга каршы чыгып, жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга айыпталып бир жаран кармалды. ИИМ кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганын билдирди. Буга чейин соттун чечими менен Көк-Жардагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалган. Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн.
    30 min
  • Жаңылыктар | 06.08.2025 | Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент чыгарылды
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин текшерүүсүнүн жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды. Атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктаган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 05.08.2025 | Окуучулар боюнча маалыматтын 90% санарипке өттү
    Быйылтан тартып Кыргызстандын мектептеринде окуучулар кагаз түрүндөгү күндөлүк, мугалимдер баа коюлуучу "кызыл" журнал колдонушпайт. Бул тууралуу бүгүн 5-августта Агартуу министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бирим берүү тармагында санариптештирүү жараяны жигердүү жүрүп жатат, окуучулардын демографиялык маалыматынан, социалдык статусунан баштап сабакка катышуусу, алган бааларына чейинки бардык маалыматтын 90% санарипке өттү.
    30 min
  • Жаңылыктар | 04.08.2025 | "Крокустагы" кол салуу боюнча соттук териштирүү башталды
    Орусияда 4-августта "Крокус Сити Холлдо" болгон былтыркы кандуу окуя боюнча соттук териштирүү башталууда. Террорчулукка айыпталып жаткандар 19 киши, алардын төртөө кылмыштын түздөн-түз аткаруучулары, калган 15и ошолорго көмөктөшкөн делгендер.
    30 min
  • Жаңылыктар | 02.08.2025 | Журналисттердин изилдөөсү: Орусия Украинадагы согушта 120 миңден ашык кишисин жоготту
    2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери Москванын тастыкталган жоготуулары 121 507 адамга жетти. Согушта набыт болгондордун аты-жөндөрү "Медиазона", Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар тарабынан ачык булактарга таянып такталган.
    "Медиазонанын" эсептөөлөрүнө ылайык, өлгөндөрдүн саны болжол менен 165 000 адам болушу мүмкүн.
    Ачык булактарда бардык каза болгондор тууралуу маалымат камтылбайт, ал эми жаңы түшкөн маалыматтарды ыктыярчылар жана журналисттер толук тактай элек болушу мүмкүн. Бул орус армиясынын согуштагы чыныгы жоготуулары мындан алда канча көп болушу ыктымал экенин билдирет.
    30 min
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 01.08.2025 | Жогорку Кеңештин экс-депутаттары көмүр кенин басып алууга шек саналып камалды
    Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. Нарындагы көмүр кендеринин бирин мыйзамсыз басып алууга шек саналып камалганын билдирди. Аларга каршы арыз жазылганын маалымдады, бирок кимден түшкөнүн тактаган жок.
    "Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, кылмыш ишин козгоого негиз болду. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. коркутуу, дагы башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын акцияларынын контролдук пакетин берүүгө мажбурлашкан. Кылмышка шектүүлөр 31-июлда камалды жана аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, сотто тергөө бүткүчө абакта калтыруу бөгөт чарасы тандалды"-деп жазылган маалыматта.
    31 min
  • Жаңылыктар | 31.07.2025 | Араб мамлекеттер лигасы Газага эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну сунуштады
    Сауд Арабия, Египет, Катар, Иордания өңдүү өлкөлөр кирген Араб мамлекеттер лигасы, Түркия жана Европа Биримдиги Газа тилкесиндеги жагдайга байланыштуу декларацияга кол коюшту.
    31 min
  • Жаңылыктар | 30.07.2025 | Ош: Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шек саналган күйөөсүнүн соту башталды
    Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу иш карала баштады. Маркум келиндин кылмышка шектүү күйөөсүнө "адам өлтүрүү", куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
    Эралиеванын жакындары анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылып жатат.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…