Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 01.03.2025 | Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү жолугушуу боюнча журналисттерге комментарий беришти
    АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралдын кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ак үйдөгү жолугушуусу жөнүндө журналисттерге комментарий берип, “бул жолугушуу анча ийгиликтүү болгон жок” деди.
    “Менимче, ал өз мүмкүнчүлүктөрүн абдан жогору баалап койду”, - деди АКШ президенти.
    Трамп Украинанын согуш аракеттерин улантуу умтулуусун колдоону каалабай турганын, анын ордуна “туруктуу тынчтык” орнотууну көздөй турганын кошумчалады.
    Украин лидери Зеленский FoxNews телеканалына курган маегинде Трампты да, Америка элин да урматтай турганын билдирди. Ал мындай “ачык сүйлөшүү” мурдараак өтсө болмок экенин, анда “эки тараптып бири-биринин позициясын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзүлмөктүгүн” айтты.
    Зеленский Fox News телеканалына маегинде Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 28.02.2025 | Пакистанда медреседеги жарылуудан алты киши каза тапты
    Пакистандын түндүк-чыгышында медреседе жума күнкү намаз маалында бомба жарылганда алты киши каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. Ал жер ооган талибдерин машыктыруу аянтчасы катары белгилүү.
    Жарадар болгон бир нече кишинин арасында медресенин жетекчиси, “Талибан” кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Маулана Сами уль-Хактын уулу Маулана Хамид уль-Хак бар деп маалымдалды.
    Регионалдык полициянын өкүлү Нажибур Рахмандын айтымында, анын абалы оор.
    Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 27.02.2025 | АКШ менен Орусия элчиликтердин ишин калыбына келтирүүнү сүйлөшүүдө
    Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык жүрүштөр уланууда. 27-февралда Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо жолугары күтүлүүдө. Ушул эле күнү Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 26.02.2025 | Украина менен АКШ кен байлыктар келишими боюнча мунаса тапканы кабарланды
    Бир нече маалымат каражаттары булактарга таянып, АКШ жана Украина кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазышты. Президент Дональд Трамп бир нече күн мурун Киевге берилген жардамдын ордун толтуруу максатында ошондой келишимге кол коюуну сунуш кылган. Бирок укриан лидери Владимир Зеленский баштапкы долбоорду четке какканы ортодогу мамилелер кескин начарлап кеткен. Украинанын Экономика министрлиги сейрек кездешүүчү металлдар боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайсы баскычка жеткени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Ал маалда Украина жана Орусия бири-биринин аймактары аткыланганын билиришүүдө.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 25.02.2025 | Кыргызстан "Керемет банкты" АКШнын кара тизмесинен чыгарууга аракеттенүүдө
    Кыргызстан АКШнын кара тизмесинен "Керемет банкты" чыгарууга аракет жасап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди жана ушул максатта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кошмо Штаттарына дагы барып келгенин билдирди. Ушул жылдын башында АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялар топтомун жарыялаганда анын ичинде “Керемет банк” дагы болгон. Орусия менен активдүү кызматташат деген негизде Кыргызстандагы ондон ашык компания дагы кара тизмеге илинген. Расмий Бишкек санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген дооматтарды четке кагып келет.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…