Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду.
Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер бар. Алар мындай байланышты четке кагышууда.
Ички иштер министрлиги Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атып өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалганын билдирди. Каза болгон 20 жаштагы жоокер Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилди.
20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.
Кыргызстанда быйыл кызамык жуктургандардын саны төрт миңден ашып, үч бала чарчап калды. Тиричиликтен бошобой же диний көз карашынан улам баласын эмдетпеген ата-энелердин перзенттери азап тартып, аларга кошулуп энелер түйшүккө кабылууда.
Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү. Евробиримдик Кыргызстанга "чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынса донор уюмдар менен кызматташууга терс таасири тиерин дагы бир жолу эскертти. Орусиядан быйыл тогуз айда эки миңдей кыргыз жараны депортация болду. Газадагы абал.
УКМК төрагасы Камчыбек өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты. Кароколдо бир айда өспүрүм кыздар жоголуп, кайра табылган үч окуя катталды. Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда.
30 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.