Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди.
Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду.
Жыйырмадан ашык айдоочу 27-сентябрда Чүйдүн Кант шаарында жайгашкан Д-2 жүк жиберүүчү компаниясынын кеңсесинин алдына чогулду. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин ушул жерден жүк алып, Орусияга жөнөгөндөр казак-орус чек арасынан өтө албай турганына нааразы.
Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин АКШдагы сапары учурунда билдирди. Fox News телеканалынын эфиринде журналисттин орус-украин сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал жолугушуу үчүн нейтралдуу аянтча катары сунушталган бир катар өлкөлөрдү атады. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушка, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга, Ооганстандагы абалга жана башка өлкөлөрдөгү жаңжалдарга басым жасап, аларды токтотууга чакырды.
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн спикерлеринин жыйыны өтүп жаткан чакта Жогорку Кеңештин тармактык комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу демилегесин колдоду. Эми бул демилге жалпы сессияда каралат. Өткөн аптада парламенттин таркашын колдогон 32 депутаттын колу чогулганы белгилүү болгон.
Ош шаарындагы сейил бактардын биринде аттракциондон кулап, каза тапкан 15 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүнөн кийин калаа бийлиги мындай жайлардагы коопсуздукту текшерүүнү буйруду.
Орусияга эмгек миграциясына баргандарды бул өлкөгө балдарын алып келүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин да билдирди. Буга чейин ушундай эле пикирин экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетнико да айтып, мыйзам долбоору 9-сентябрда мамдуманын кароосуна киргизилген. Соңку жылдары Орусия миграция эрежелерин катаалдатып, талаптарды күчөтүүдө. Юристтер бул жаңы эрежелер ЕАЭБ келишимине каршы келерин эскертип жатат.
Кыргыз бийлиги Жакынкы Чыгыштагы окуяларга позициясын билдирип, Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдорун кайталады. Мунун алдында президент Жапаров Дохага жасалган ракеталык чабуулдарды айыптаган. Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясында “Палестина маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана Палестина мамлекетин түзүү боюнча декларацияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары жактырды. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Борбор Азиянын позициясы активдешип жатабы?
18-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен өткөн маалымат жыйында Владимир Путин “анын көңүлүн калтырганын” билдирди.
Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
30 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.