Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Бах дебей, деңиз деп аташ керек!
    Иоганн Себастян Бах.
    Бөлүшүңүз
    Пикирлерди көрүңүз
    Принтер
    Иоганн Себастян Бах дүйнөдө музыканын атасы деп таанылган. Немис акыны Иоганн Гёте Бахтын музыкасынан жараткандын жышаанасын көргөн. Деген менен улуу композитордун ысымы жарым кылымдан ашык унутулган да мезгил болгон.
    13 min
  • Медер Кыдыршаевдин жан дүйнөсү
    “Жан дүйнө” радио түрмөгүндө маркум ырчы, обончу Медербек Кыдыршаевдин чыгармачылыгы жана тагдыры тууралуу кеп болду. 41 жашында бул дүйнө менен коштошкон таланттуу ырчы быйыл 55ке толмок. Ал өзгөчө үнү, обончулук таланты менен жанып өткөн жарык жылдыз катары өз күйөрмандарын тапкан.
    12 min
  • Жаштарды азгырган радикализм тузагы
    Акыркы учурда Кыргызстанда жаштар эмне үчүн экстремисттик - террористтик уюмдарга азгырылып жатат? Өз элин таштап, бөтөн жердеги согушка кимдер аттанган? Аларды кандай максат жана күч жетелейт? Бул көйгөйдү кандай аракет токтото алат?
    29 min
  • Акындын армандуу тагдыры
    "Жан дүйнө” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы акын Алмаш Чойбекованын тагдырына жана чыгармачылыгына арналды. Өмүрүнүн соңку күндөрүн карылар үйүндө өткөргөн азиз акын жетимиш жашында көз жумду. Чойбекова чыгармачылыкка өткөн кылымдын 80-жылдары кыздар поэзиясынын келечектүү өкүлү катары аралашкан.
    12 min
  • Эдит Пиафтын акыркы сүйүүсү
    Эдит Пиаф - томаяк жашоодон музыка дүйнөсүнө кирип, Франциянын улуттук ырчысы деген атакка жеткен даңазалуу аял. Бүгүн да Эдит Пиаф өлбөс кылган ырлар таанымал өнөрпоздордун репертуарларынан түшпөй жүрөт.
    11 min
  • Согуш чайкаган тагдырлар
    Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан 365 миң кыргызстандык кан майдандын каары менен азап-тозогун башынан кечирип, алды дарексиз жоголуп, арты азыркы бейкут күндөрдө бакубат жашоосун кечирип жатышат. “Азаттык” апта түрмөгүн дал ушул согуш каармандарына арнап, уруш тартуулаган миң түркүн тагдырлардын айрымдары тууралуу сөз кылмакчы.
    24 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…