Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.
August 19, 2025"Тоо коюнун таштандыдан арылткан Улук акын"Президент Садыр Жапаров элди туш келди таштанды ыргытуу адатын токтотуп, табиятты таза сактоого чакырды. Адистер өлкөдө бул көйгөй курч экенин айтып келет. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, таштандыны өз алдынча терген жарандар дагы жок эмес. Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде, ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токточу жерди күн алыс тазалап турат. Ал элди таштанды ыргытпоого чакырып, дубал бооруна төрт куплет ыр дагы жазган. “Жер эне” подкастыбызда табият менен эриш-аркак жашаган акын менен баарлашабыз. Подкастты кабарчыбыз Санжи Туйтунова даярдады....more19minPlay
August 18, 2025Жаңылыктар | 18.08.2025 | Орусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу чалуу бөгөттөлдүОрусияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү. Бул соңку жылдарда мигранттарга ыңгайсыздык жараткан Кремлдин биринчи чечими эмес. Мессенжерлер иштебесе, мекендештер бул жактагы жакындары менен баарлашып туруу кыйын жана чыгымы артат деп камтама болууда....more31minPlay
August 17, 2025Жаңылыктар | 17.08.2025 | Ноокенде өз жанын кыйды деген келиндин өлүмү иликтенүүдө13-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2001-жылы туулган келин өзү жашап жаткан үйдүн жайкы ашканасында асынып каза болгонун облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.Ноокен райондук милициясына "Тез жардам" кызматынан маалымат түшүп, факт Ноокен РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган....more30minPlay
August 16, 2025Жаңылыктар | 16.08.2025 | Трамп Зеленскийге, Европа лидерлерине телефон чалдыАКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Алясканын борбору Анкориж шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана Европа лидерлерине телефон чалды....more30minPlay
August 15, 2025Жаңылыктар | 15.08.2025 | Там-ташы бузулгандарга ипотекалык үй берилери айтылдыПрезидент Садыр Жапаров буга чейин мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, учурда үйү түртүрүлүп жаткан жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди....more30minPlay
August 14, 2025Жаңылыктар | 14.08.2025 | Нарын: Көпүрө кыйрап сууга аккан айдоочу дагы деле изделүүдөНарында эки айылды облус борбору менен байланыштырып турган көпүрө түшүп кетип, бир адамдын сөөгү изделүүдө. Азыр тургундар көпүрөдөн башка альтернативдүү жол жок болгондуктан айылдан чыга албай, Нарын шаарына каттаганга кыйынчылык жаралды. Жергиликтүүлөр 1960-жылдары курулган жыгач көпүрөнүн кулаганы калганын бийликке бир нече жолу кайрылганы менен өз убаганда көңүл бурулбаганын айтышууда. №8 жол тейлөө кызматынын маалымдашынча эми Эки-Нарын жана Орук-Там эли Кара-Кужур-Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там жолу менен каттап турушат. Нарын шаарына чейин 240 чакырым болот....more31minPlay
August 13, 2025Жаңылыктар | 13.08.2025 | Түштүк Кореянын абактагы экс-президентинин аялы да камалдыСеулдагы сот шейшембиде өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды.Юн былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда расмий түрдө кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган....more30minPlay
August 12, 2025Жаңылыктар | 12.08.2025 | Орусиядан 90 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылышы мүмкүнОрусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган Кыргызстандын 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-августта Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мындай чара Орусияда жыл башында кабыл алынган миграциялык мыйзамга ылайык көрүлөт. Анда Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш деп жазылган....more31minPlay
August 12, 2025"Ысык өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн"Кыргызстанда быйыл жаз алды менен күн катуу ысыды. Дарыгерлер мындай ысык өнөкөт ооруларды козгоп, айрым учурда өлүмгө да жеткириши мүмкүн экенин айтышат. Климат өзгөрүп жаткан шартта адам ысыктан өзүн жана жакындарын коргой алабы? Кантип тамактанып, кандай иштеп, кайсы адаттарды өзгөртүү керек? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго дарыгер, Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий катчысы Нурболот Үсөнбаев жооп бермекчи....more24minPlay
August 11, 2025Жаңылыктар | 11.08.2025 | ИИМ Көк-Жардагы жер иши боюнча төрт адамды кармадыБишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен үч кызмат адамы жана курулуштарды бузууга каршы чыгып, жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга айыпталып бир жаран кармалды. ИИМ кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганын билдирди. Буга чейин соттун чечими менен Көк-Жардагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалган. Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.