Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.
July 10, 2025Жаңылыктар | 10.07.2025 | Азербайжан менен Армения Орусияны ортомчу кылбай элдешеби?Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешүүсү өттү. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.Айрым эксперттер Москванын Баку менен Еревандын тынчтык жараянына катышпай калганын белгилешет....more31minPlay
July 03, 2025"Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз....more28minPlay
June 29, 2025Жаңылыктар | 29.06.2025 | Тил мыйзамы: Аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши керекЖогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот. Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан....more1h 0minPlay
June 29, 2025Кечки Азаттык (1-чыгарылыш)Бул үналгы берүү ар күнү Бишкек убакыты боюнча саат 18:00ден 18:30га чейин обого түз чыгат....more30minPlay
June 05, 2025Жаңылыктар | 05.06.2025 | Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда. Эми дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн жарандары Америкага кире албайт. Дональд Трамптын жарлыгын бир нече демократ саясатчылар кескин сындады. Мигранттардын балдары оруси тилин билбесе, мектепке кире албайт. Орусияда тил экзаменинин катаалдашы мекендештерди бушайман кылууда....more19minPlay
June 04, 2025Жаңылыктар | 04.06.2025 | Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?Айзиректин күйөөсү мылтыкты кайдан алган? Беш балалуу келиндин өлүмү үй-бүлө зомбулугу эле эмес, мыйзамсыз сакталган курал маселесин да козгоду. Эркин журналист Канышай Мамыркулова айыпты четке кагууда. Сотто анын соцтармактагы жазган постторуна жасалган экспертиза талаш-тартыш жаратты. Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс береби? Ал Атамбаевге чыккан сот өкүмү жана Бакиев жөнүндө үн катты. - Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койду. Орусиянын мамлекеттик агенттиктери көпүрө авариялык абалда деген билдирүүнү четке какты....more24minPlay
June 03, 2025Жаңылыктар | 03.06.2025 | Оштун мурдагы казысы экинчи жолу камалдыСтамбулда бир саатка жетпеген жолугушуу. Украина менен Орусия тынчтык орнотуу, жок дегенде убактылуу ок атууну токтотуу боюнча мунасага келе алган жок. Оштун мурдагы казысы эмнеге кайра камалды? Ал буга чейин кармалып, бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан эле. Нарында жайлоолорго калың кар түшүп, төрт күндөн бери ээрибей турат. Жай мезгилиндеги кардан малчылар чыгым тартып жатышат....more15minPlay
June 02, 2025Жаңылыктар | 02.06.2025 | Украинанын дрондору ондогон орус учагын жок кылдыУкраинанын дрондору Орусияда аскердик аэродромдорго чабуул койду. Орусия муну теракт деп жарыялады. Эксперттер ондогон учактын жок кылынышын - орус авиациясынын башына түшкөн каран түн катары сыпаттап жатышат. Орусияда “Мекендештер” уюмун жетектеген Нура Курманбекова орус жарандыгынан ажыратылды. Анын жарандыгын алып, өлкөгө кирүүгө тыюу салынышына эмне себеп болду? Президент коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди. Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттардын тагдыры жана зыяндын ордун толтургандарды жазадан бошотууга байланыштуу кайчы пикирлер арбын....more24minPlay
May 30, 2025Жаңылыктар | 30.05.2025 | Айзиректин өлүмү: кыз-келинди ким коргойт?Беш баланын энеси Айзиректин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү - коомчулукту нес кылып, Кыргызстандын муфтийи эркектерге кайрылды. Кыз-келинди ким коргойт? Клооп Медианын оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов эки айга камалды. 7 журналист атайын кызматка сурак берип, айрымдарынын үйлөрүндө тинтүү жүрдү. АКШнын сунушу Газадагы апаатты токтото алабы? Ал арада Франция анклавда гуманитардык абал оңолбосо Израилге санкция саларын эскертти....more17minPlay
May 29, 2025Жаңылыктар | 29.05.2025 | Клооп Медиа: Журналисттер суралып, экөө кармалдыКлооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды. Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты. Бишкекте алты курулуш компаниясына эскертүү берилди. Компаниялардын айрымдары лицензиясынан ажырап, кээлери ишин токтотту....more22minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.