Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.
August 28, 2020Элитасы жок эгемендик (аудио)Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык....more25minPlay
August 15, 2020Подкаст сынак: Капастагы чымчыкка айландык“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” сынагына Ысык-Көлдөн мугалим Аида Мусалимова баян жөнөттү. Ал ысырапкорчулук, кенебестик кылган адамзатты пандемия тизгиндегендей болгонун айтып, ой-толгоосун ыр менен жеткиргенге аракет кылды....more5minPlay
August 13, 2020Жаратылыш өз эсебин алып жатат"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайнаке Бообекова баян жөнөттү. Ал коронавирус пандемиясынын өзүнө тийгизген таасири жөнүндө эмес, ушул оорунун келип чыгуу себептери жана адамзат менен жаратылыштын мамилеси жөнүндө кеп кылат....more5minPlay
July 31, 2020COVID-19: Улут саламаттыгын унуткан экенбиз (аудио)Эпидемия менен күрөштө өкмөттүн жооперчилиги кандай болду? Бул апааттан эл кандай сабактарды алышы керек? Улуттун саламаттыгын, биримдигин чыңдоодо Кыргызстанда кандай саясат жүрүшү керек?...more23minPlay
July 18, 2020Карантинде жаралган ырлар"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Таластын Манас районунан дарыканачы Батмакан Айталиева карантин учурунда жазган ырларын жөнөттү. Элдин башына түшкөн көйгөйдү, дос-туугандарын сагынган сезимдерин ыр менен жеткирет. Маркум акындар Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовду жоктойт....more10minPlay
July 14, 2020Хижама - коронавирустан айыгуу жолу эмесХижама деген эмне? Аны кимдер жасай алат? Кайсы маалда жасаса болот?...more11minPlay
July 03, 2020Исхар Фунлоэр: өпкө ооруларын дарылаган мыкты илимпоз элеКыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин саны улам артууда. 2-июлда “Даңк” медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты....more10minPlay
July 02, 2020"Мураттын баскан жерине гүл өсчү"Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлердин саны улам көбөйүп бара жатат....more10minPlay
July 02, 2020Пандемияда үй-бүлөбүздө сый жоголду«Азаттык» радиосунун «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» деп аталган подкаст сынагына келген кезектеги баян үй-бүлөдө темасында. Пандемия маалында күйөөсүнөн запкы көргөнүн айткан автор аты-жөнү сыр бойдон сакталышын, үнүн өзгөртүп берүүнү каалады....more4minPlay
July 01, 2020Вирустан ажал таап, кыйналган кыргыз дарыгериЖамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Кызы жана кесиптештери азыр жоготуу азабынан кыйналып турган учуру. Ал ортодо Бишкек, Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы....more11minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.