Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 904 episodes available.
March 23, 2019Сүрөткө түшкөн аюуларКыргызстанда “Кызыл китепке” кирген, башкача айтканда азайып-бараткан жаныбарлар жана канаттуулар дүйнөсүндө эмне өзгөрүүлөр бар? Сейрек кездешкен жан-жаныбарлардын миграциясы кандай? "Жашыл планета" берүүбүздө жан-жаныбарларга кантип кам көрүү керек деген суроого жооп издейбиз....more24minPlay
March 02, 2019Жашыл планета: Көкөй кескен көк түтүн"Жашыл планета” рубрикасында бир кезде «жашыл шаар» атыккан Бишкектин абасынын тазалыгына токтолобуз. Кыш түшүп, жылуулук сезону башталары менен борбор шаарды кара түтүн каптайт. Адистердин айтымында, абанын булганышына жаңы конуштагы сапатсыз курулган мештен чыккан түтүн менен шаарда автоунаалардын көбөйүшү себепкер....more23minPlay
February 16, 2019Кыргызстанды желим таштанды каптадыАрзан желим материалдын көптүгү дүйнө жүзүн пластик таштандынын алдында калуу коркунучуна кептеди. Кургакта гана эмес океанда үйүлгөн желим дөбөлөр пайда болду. Дүйнөлүк көйгөй Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Бүгүн желим баштыкты жана буюмдарды ар бир айылдан көрүүгө болот. Адамзат күндөлүк турмушта эсепсиз колдонулгон пластикти кантип чектеп, жаратылышты кантип сактап калат? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул теманы козгойбуз....more21minPlay
February 07, 2019Рембрандттын кереметтүү боёгуРембрандт колдонгон ачык түстүү боёктун сыры табылды. Евробиримдик пластик таштандыларга согуш жарыялайт. Эмне үчүн кээ бир кишилер түндө үкүдөй болуп уктабайт?...more6minPlay
February 02, 2019Аңчылык мыйзамынын оош-кыйышыЖогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратып, бир нече жылдан бери колдоо таппай келет. Демилгечилердин бири Эмил Токтошев жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоору жөнүндө айтып берди....more5minPlay
February 02, 2019Жаратылышка пайдасы тийген аңчыларОшто болсо аңчылар жаратылышка зыяныбызга караганда пайдабыз көп кийип жатат деп ишендирип келишет. Маселен, Ош-Баткен мергенчилер коому жыл сайын кийиктерге туз жеткирүү, канаттууларга жем чачуу, көлмөлөргө балыктын уругун таштоо сыяктуу иштерди такай аткарып келатканын айтышат....more4minPlay
February 02, 2019Ысык-Көлдө карышкыр күчЫсык-Көл дубанында карышкыр күч болуп, мал-жандыкка кол салып, материалдык чыгымга алып келип жатат. Ошондуктан, азыр облустук аңчылык департаментинин өкүлдөрү жергиликтүү мергенчилер менен чогуу карышкыр менен чөөгө аң уулап жатышат....more4minPlay
February 02, 2019Жалал-Абаддагы "тескери" аңчылыкЖалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен, иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын адистер айтышат. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат да мергенчилерге жетпейт....more5minPlay
February 02, 2019Баткенде миңге жакын мергенчи барБаткен облусунда миңге жакын атайын уруксаты бар мергенчи катталган. Алардын аракетин аңчылыкты көзөмөлдөөчү болгону он адис бар. Аңчылыкка кызыккандар мыйзамдан чыкпасын деп түшүндүрүү чаралары тынымсыз жүрөт....more4minPlay
February 02, 2019Нарын: мыйзамсыз аңчылыктын кесепетиНарында жапайы аңчылыкка чыккан карапайым эл азайды. Ошол эле убакта кызматына таянып, кайберен атууну кумар кылгандардын катары көбөйүүдө. Айрыкча чет элдик аңчылар кайберендерге зыян келтирип жатат деген жергиликтүүлөр көзөмөлдүн начардыгына кабатыр....more4minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 904 episodes available.