Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Өткөндүн сабагы: диктатура менен репрессия киндиктеш
    Кыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.
    30 min
  • "ВИЧ иштөөгө, үй-бүлө курууга тоскоол болбойт"
    ВИЧ инфекциясына кабылгандардын айрымдары бул ооруга чалдыккандарга жардам берип жүрүшөт. Санжар менен Николай дискриминация, басынтуу жана дарт менен жашоонун оош-кыйыштарын айтып беришти. Ошондой эле ВИЧ инфекциясына байланыштуу "уламыштар" тууралуу, алдын алуу жолдору жөнүндө ой бөлүшүштү.
    20 min
  • Таштандыны суперкомпьютер иргеп, жарык чыгарат
    Канткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди.
    12 min
  • Чычырканакты коргогон экоактивист
    Чычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз.
    11 min
  • Жашоо үчүн күрөшкөн Жеңишбек
    Жеңишбек 13 жашта болгону менен тулку бою үч жаштагы баладай. Дайыма төшөктө же кол арабада жатат. Баса да, отура да албайт. Салмагы болгону 12-13 килограмм.
    12 min
  • Байгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат
    20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?
    17 min
  • "Кырк жыл иштеп, көчөдө каламбы?"
    "Эл үнү" радио түрмөгүнө Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынан Аксамай Борбуков кайрылып, 20 жылдан бери жашап келаткан батиринен күчкө салып чыгаруу аракети болуп жатканын даттанды. Батирге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ачык акционердик коому ээлик кылат.
    9 min
  • Жакшылык: Блогерлерге ишенбегиле
    Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун координаторлорунун бири Жакшылык Мурат жарандарды мыйзамдуу жолдор менен, ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип барууга чакырууда.
    3 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…