Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.
Айдаркендеги кен казууга байланыштуу нааразы болгон демилгечи топ, Алай районунун Сарык-Могол айылында үйү өрттөнүп кеткен көп балалуу акын жана Бишкек шаарында спорт клубдардын, фитнесс залдардын ачылышын күткөндөр кайрылышты.
«Элдик экономика» түрмөгүнүн алкагында, чет өлкөдөгү мигранттардын акча которуусунун азайганынын себептери, андагы экономиканын орду жана башка суроолорго экономист Эркин Абдыразаков жооп берди.
Назарыңыздарда “Азаттык” үналгысынын “Жан дүйнө” рубрикасы. Бүгүн аталган радио берүүдөн өткөн кылымдын 90-жылдары популярдуу болуп турган “Биз” эстрадалык тобунун ырчысы Бактияр Токторов менен маекти угасыздар. Баарлашууну кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов уюштурду.
Бир ай мурда өлкөнүн көрүнүктүү кыздарынын бири Орозова Умтул Шейшеевна улуу сапарга узап кетти. Эже кесипкөй режиссёр жана жетекчи катары Кыргыз телекөрсөтүүнүн өсүп-өнүгүүсүнө, адистерди даярдоого зор салым кошкон.
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1995-1991-жылдары Кыргыз телерадиокомитетин жетектеген Умтул Шейшеевна Орозова (1940-2019) өз кызматташтарынын эсинде кесипкөй адис, ишке жан-дили менен күйгөн жетекчи, камкор устат катары калды.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.