Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.
October 31, 2023Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты совет доорундагы жашыруун архивдерди ачыкка чыгаруу. Биздин талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу, ЖК депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов, “Ата-Бейит” комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов катышты....more36minPlay
October 26, 2023Акыйкатчыны ким коргойт?Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун, бул институттун ролун, макамын акыйкатчы Жамила Жаманбаева жана мурдагы омбудсмен Токон Мамытов менен талкуулады....more32minPlay
October 17, 2023“Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан Жумакматов1920-1930-жылдары кулакка тартылып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, куугунтукталгандардын урпактарынын тагдыры кандай болду? Атасы сүргүнгө, өзү апасы жана агасы менен Украинанын Херсон аймагына айдалган атактуу дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун өмүр жолу....more29minPlay
October 05, 2023Балдар үйүнөн кийинки оор турмушБалдар үйлөрүндө тарбияланган улан-кыздар орто билим алган соң өз алдынча кетип, турмуштун чоң агымына бой урат. Үй-жайсыз, колдоосу жок балдар оор жагдайга кабылат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул маселени соцкызматкер Гүлзат Темирбаева, балдар үйүндө тарбияланган Гүлшана, Даниэль менен талкуулады....more24minPlay
October 05, 2023Ажырашкандан кийин аялды аңдыбаЭмнеге кыргыз коомунда ажырашкандан кийин дагы мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей, кек сактап, кол салып же таарынычын балдардан чыгарган окуялар кездешет. Бул биздин коомдун билим жана тарбиядан өксүп жатканынан кабар береби? Же диний, салттык же башка түшүнүктөр себеппи? Биз бүгүн ушул маселени психолог, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман менен талкуулаганга аракет кылабыз....more21minPlay
October 03, 2023“Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келетКыргызстандагы таштанды талаалары 516 гектар жерди ээлейт. Бул Бишкектеги Спартак стадионунан 176 эсе чоң. Калдыктардын 70% кайра иштетсек болот. Бул көйгөйдү чечүү менен алектенип жаткан “Tazar” уюмунун негиздөөчүсү, эко-активист Аймээрим Турсалиеваны кепке тарттык....more35minPlay
September 30, 2023"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачуудаКазакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз...more25minPlay
September 22, 2023Сөз эркиндиги: миллиондук доо, абак жана күрөшАзиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана ал үчүн жүргөн күрөштү "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова, белгилүү журналист Аскер Сакыбаев менен талкуулайт....more27minPlay
September 18, 2023"Мекен дебей Родина дейбиз". Эне тил үчүн күрөшӨткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйыны. Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз....more30minPlay
September 13, 2023Экология жаштарга эле керекпи?Экологияга кам көрүүдө эмнеге улуу муунга караганда жаштар жигердүү? Мамлекеттин экологиялык саясаты канчалык ачык-айкын жана жаштар ага канчалык кызыгат? ЖЕР ЭНЕ подкастында климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири, климаттык активизм жана аны жайылтуу тууралуу баарлашабыз. Коноктор: "Жердин балдары” жаштар коомунун лидери Омар Даиров жана "Экоадам" баракчасынын автору, экомарафондун уюштуруучусу Исмаил Карыпов....more24minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.