Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Магнит, тыйын жутуп алган балдар
    Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат. Алардын көбү майып болуп каларын дарыгерлер эскертишет.
    15 min
  • Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазын
    Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз.
    23 min
  • Эсенбай Нурушев: Азыркы дүйнөгө акылгөйлүк жетпей турат
    Бул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду
    4 min
  • Советтик режим жашырган чындык: Херсондогу кыргыздар
    “Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдарында Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздар тууралуу белгилүү журналист жана публицист Амирбек Азам уулу, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын изилдөөлөрү менен тааныштырабыз.
    29 min
  • Курсагы ач, каны аз, салмагы оор өспүрүмдөр
    Кыргызстанда 10 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын көпчүлүгүнүн көзү начарлап, 21% ашыгы аз кандуулук менен жабыркаса, 40% чукулу толук кандуу тамактанбайт. Ошол эле маалда ашыкча салмактан жабыркаган өспүрүмдөр барган сайын көбөйүүдө.
    13 min
  • Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө?
    Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.
    18 min
  • "Мени чөйрө бузду". Маңзаттын айынан камалган мигранттар
    Жакында Орусияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык 7,5 жылга кесилди. 29 жаштагы кыргызстандык интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатууга айыпталган. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө абакта 1282 кыргыз жараны отурат. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусияда. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу.
    Камактагылардын туугандары аларды Кыргызстанга которуу өтө оор процедура экенин айтып келет. "Азаттыктын" "Укугум бар" подкастында Орусиянын абактарында баңгизатка байланыштуу отурган кыргызстандыктар, балдарын зарлап күткөн энелер, алардын укугун коргогон юристтер ушул көйгөй тууралуу айтып беришти.
    22 min
  • Репрессия: КГБ архиви ачпаган сырлар
    1920-50-жылдардагы репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоору бир айдан бери талкууланууда. 1994-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордо Улуттук архив фонду тууралуу дагы өзгөртүү сунушталды. “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул маселени талкуулайбыз.
    33 min
  • Жайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климат
    Нарындын Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков жайыттарды коргоого жан үрөп жүргөн экоактивист. Ал соңку жылдары жайыттардын такырайып кеткенин иликтеп, экологиялык бул көйгөйдүн алдын алуунун камын көрүп жүрөт.
    10 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…