Назарыңыздарда “Азаттык” үналгысынын “Жан дүйнө” рубрикасы. Бүгүн аталган радио берүүдөн өткөн кылымдын 90-жылдары популярдуу болуп турган “Биз” эстрадалык тобунун ырчысы Бактияр Токторов менен маекти угасыздар. Баарлашууну кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов уюштурду.
Бир ай мурда өлкөнүн көрүнүктүү кыздарынын бири Орозова Умтул Шейшеевна улуу сапарга узап кетти. Эже кесипкөй режиссёр жана жетекчи катары Кыргыз телекөрсөтүүнүн өсүп-өнүгүүсүнө, адистерди даярдоого зор салым кошкон.
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1995-1991-жылдары Кыргыз телерадиокомитетин жетектеген Умтул Шейшеевна Орозова (1940-2019) өз кызматташтарынын эсинде кесипкөй адис, ишке жан-дили менен күйгөн жетекчи, камкор устат катары калды.
Быйыл залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.
Кыргызстан 2030-жылга чейинки өнүгүү жолун аныктаган «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында 2018-жылы «Калктын психикалык саламаттыгын коргоо жөнүндө» өкмөттүк программасын кабыл алган.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
"Сыябандын" сыйлуу коноктору: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү композитор Абидин Темиров, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадат Даминова, Германияда жашаган музыкант Тимур Ысыев.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери 118 ала качуу фактысы катталды. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку каарманы тааныбаган жигитке баш кошуп, ай айланбай басмырлоого туш болуп ажырашкан.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу 10-сентябрдагы окуядан улам мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевди кепке тарттык.
6 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.