Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков
    "Адилеттик издейм" подкастына Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков кайрылган. Ал 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын жана башка көйгөйлөрү тууралуу айтып, соттун адилеттүү чечимин күтүп жатканын айткан.
    27 min
  • Желим баштыктан арылуу аракети үмүттү актайбы?
    Кыргыз бийлиги 2027-жылдын 1-январынан желим баштык жана идиштерди өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеши ал мүмкүн эместигин айтып, мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштады. Желим баштыкка тыюу салуу тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыруу аракети өзүн актап жатабы?
    19 min
  • АКШда эмчек рагын жаңыча дарылоону сунуштаган Сания
    Кыргызстандык Сания Щинар АКШдагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот. "Сергек жашоо" подкастынан угуңуз.
    15 min
  • Борбор Азиядагы чаң. Көйгөй кантип чечилет?
    Эмне үчүн акыркы акыркы 30 жылда Борбор Азияны чаң басты? Чөлкөмдөгү өлкөлөр көйгөйгө каршы кандай күрөш жүргүзүшү керек? Математиканын чаңды азайтуу жана абадагы кирди тазалоодо кандай ролу бар? Нидерландда иштеп жүргөн кыргызстандык окумуштуу Нурмира Жамангулова “Жер Эне” подкастында ой бөлүшөт.
    32 min
  • “Камчыбектин иши”. Курманжан датканын уулдары кабылган куугунтук
    Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгек жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды. Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1930-жылдардын орто чениндеги сталиндик репрессияда атууга кеткен неберелеринин таржымалын тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов менен талкуулайбыз.
    29 min
  • “Ымыркайыбыз өлүм алдында жатса апасын камашты”
    "Адилеттик издейм" подкастына тогуз айлык ара төрөлгөн баласы оор абалда ооруканада жатканда жубайы “алдамчылыкка” шек саналып, тергөө абагына камалганына даттанган Оштун тургуну кайрылды. Учурда анын жубайы оорукчан баласы менен тергөө абагында. Ал жубайын үй камагына чыгарып, адилеттүү сот болушун өлкө жетекчилигинен суранды.
    27 min
  • Мураптын бир күнү
    Дыйканчылык жана багбанчылык менен жан баккандар үчүн сууну чыр жаратпай адилет бөлүштүрүп турган киши - мурап. Элеттеги бул кесип абройлуу, бирок түйшүгү көп. Баткендин Самаркандек айылындагы мурап, 58 жаштагы мурап Амирбек Каразаковдун бир күндүк жумушун “Жер Эне” подкастында уктурабыз.
    13 min
  • Жүрөктүн тубаса кемтиги. Экология менен салттын таасири
    Кыргызстанда жүрөктүн тубаса кемтиги менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатканын дарыгерлер тастыкташууда. Мунун экология жана үй-бүлөдөгү кыз-келиндердин укугу менен кандай байланышы бар? Көйгөйдү чечүүнүн кайсы жолдорун издөө зарыл? Бул суроолор “Сергек жашоо” подкастынын өзөгүн түзөт.
    16 min
  • Жоокер тагдыры: Сатар Алманбетов ким?
    Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толду. Бирок көпчүлүк советтик аскерлер үчүн согуш 1945-жылдын 9-майы менен эле бүткөн эмес. Туткундан бошотулгандар үчүн согуш азабы узак жылдарга созулган. Немис лагеринен өз мекениндеги советтик лагерлерге айдалып, оор шартта, Сибирдин суугуна өпкөсүн алдырып, көпчүлүгү ата мекенине кайтып келалбады. Ошондой азап-тозокту башынан кечирип, Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун жоокердик тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен маек курабыз.
    35 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…