Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Ырайымсыз жазалоо жана бозгун: совет бийлигине каршы көтөрүлүштөр
    1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адамдар ата журтун таштап качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында конокто тарыхчы Гүлзада Абдалиева.
    29 min
  • "Жер Эне": Төрт түлүк мал табиятты талкалайбы?
    Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт.
    25 min
  • Эркектердин саламаттыгы: Тестостерон эмнеге маанилүү?
    Эркектер үчүн жыныстык саламаттык, гормоналдык тестостерондун деңгээлин бир калыпта кармоо же көтөрүү маселеси дайыма актуалдуу, бирок көпчүлүгү муну ачык талкуулаганды каалабайт. “Сергек жашоо” подкастында уролог-сексолог адистер Нурбек Моңолов менен Мирлан Айбашов ой бөлүшөт.
    32 min
  • Кара-Кыргыз автоном облусунун тарыхы
    Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгендигине 100 жыл. XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш кандай жүргөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов жана тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев менен талкуулайбыз.
    42 min
  • "Жер эне": Изилдөөчү мугалимди лаборатория түйшүгү кыйнап жатат
    Бишкектеги №64 мектептин биология мугалими Нуржамал Аметжанова окуучулар менен мамык чөп жана арчадан май алып, илимий тажрыйба өткөрүп келатат. Эмгегине лицензия алайын десе, Кыргызстанда мындай тажрыйбаларга илимий аныктама бере турган лаборатория жок. “Жер эне” подкастын угууга чакырабыз.
    25 min
  • "Майлуу, күчтүү тамактан өттө таш пайда болот"
    Боор жана өт баштыкчасына кандай кам көрүү керек? Өттөгү таш эмнеден пайда болот? Жарнамадагы витаминдердин баары эле пайдалуубу? Хирургдарды эмнеге "өзүмчүл адистер" дешет? Бул суроолорго Эрмек Исмаилов "Сергек жашоо" подкастында жооп берет.
    23 min
  • "Борбор Азияда 5 млн киши жер которот". Климаттык өзгөрүүнүн кесепети
    Кыргызстандын экологиясы үчүн эл аралык уюмдар бөлүп жаткан миллиондогон долларды ким көзөмөлдөп, ким бөлүштүрөт? Глобалдык климаттык саясат жана Кыргызстандын стратегиясы кандай? “Жер Эне” подкастынын коногу - Климаттык каржылоо борборунун экс-директору Дастан Абдылдаев.
    29 min
  • "Айласыздан жашап жатабыз". Бишкектиктер ыштан кантип коргонот?
    Кыш ар жылы Бишкекке ышты ээрчите келет. Морлордон, сансыз машинелерден сызылып чыккан түтүндүн жыты кээде каңырсып, баш айланат. "Сергек жашоо" подкастында "Ыштан кантип коргоносуз?" деген суроонун тегерегинде сөз кылабыз.
    18 min
  • "Жер Эне": Кыргызстанда табылган белгисиз өсүмдүктөр
    Кыргызстанда өсүмдүктүн 4000дей түрү өсөт. Бул дээрлик 20 жыл мурдагы маалымат. Ботаниктер эл аралаганда эмнеге өздөрүнүн кесибин айткандан чочулашат? Павловния дарагын көп тиккенге адистер эмне үчүн каршы болгон? “Жер Эне” подкастында өлкөнүн флорасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөшөбүз.
    21 min
  • Көркөм мурастарга чабуул: КГБ сандыгына түшкөн кол жазмалар
    Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган. “Молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу кеп кылабыз.
    26 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…