Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
June 05, 2025Жаңылыктар | 05.06.2025 | Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда. Эми дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн жарандары Америкага кире албайт. Дональд Трамптын жарлыгын бир нече демократ саясатчылар кескин сындады. Мигранттардын балдары оруси тилин билбесе, мектепке кире албайт. Орусияда тил экзаменинин катаалдашы мекендештерди бушайман кылууда....more19minPlay
June 04, 2025Жаңылыктар | 04.06.2025 | Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?Айзиректин күйөөсү мылтыкты кайдан алган? Беш балалуу келиндин өлүмү үй-бүлө зомбулугу эле эмес, мыйзамсыз сакталган курал маселесин да козгоду. Эркин журналист Канышай Мамыркулова айыпты четке кагууда. Сотто анын соцтармактагы жазган постторуна жасалган экспертиза талаш-тартыш жаратты. Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс береби? Ал Атамбаевге чыккан сот өкүмү жана Бакиев жөнүндө үн катты. - Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койду. Орусиянын мамлекеттик агенттиктери көпүрө авариялык абалда деген билдирүүнү четке какты....more24minPlay
June 03, 2025Жаңылыктар | 03.06.2025 | Оштун мурдагы казысы экинчи жолу камалдыСтамбулда бир саатка жетпеген жолугушуу. Украина менен Орусия тынчтык орнотуу, жок дегенде убактылуу ок атууну токтотуу боюнча мунасага келе алган жок. Оштун мурдагы казысы эмнеге кайра камалды? Ал буга чейин кармалып, бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан эле. Нарында жайлоолорго калың кар түшүп, төрт күндөн бери ээрибей турат. Жай мезгилиндеги кардан малчылар чыгым тартып жатышат....more15minPlay
June 02, 2025Жаңылыктар | 02.06.2025 | Украинанын дрондору ондогон орус учагын жок кылдыУкраинанын дрондору Орусияда аскердик аэродромдорго чабуул койду. Орусия муну теракт деп жарыялады. Эксперттер ондогон учактын жок кылынышын - орус авиациясынын башына түшкөн каран түн катары сыпаттап жатышат. Орусияда “Мекендештер” уюмун жетектеген Нура Курманбекова орус жарандыгынан ажыратылды. Анын жарандыгын алып, өлкөгө кирүүгө тыюу салынышына эмне себеп болду? Президент коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди. Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттардын тагдыры жана зыяндын ордун толтургандарды жазадан бошотууга байланыштуу кайчы пикирлер арбын....more24minPlay
May 30, 2025Жаңылыктар | 30.05.2025 | Айзиректин өлүмү: кыз-келинди ким коргойт?Беш баланын энеси Айзиректин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү - коомчулукту нес кылып, Кыргызстандын муфтийи эркектерге кайрылды. Кыз-келинди ким коргойт? Клооп Медианын оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов эки айга камалды. 7 журналист атайын кызматка сурак берип, айрымдарынын үйлөрүндө тинтүү жүрдү. АКШнын сунушу Газадагы апаатты токтото алабы? Ал арада Франция анклавда гуманитардык абал оңолбосо Израилге санкция саларын эскертти....more17minPlay
May 29, 2025Жаңылыктар | 29.05.2025 | Клооп Медиа: Журналисттер суралып, экөө кармалдыКлооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды. Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты. Бишкекте алты курулуш компаниясына эскертүү берилди. Компаниялардын айрымдары лицензиясынан ажырап, кээлери ишин токтотту....more22minPlay
May 28, 2025Жаңылыктар | 28.05.2025 | 20 жылдык: Келинди күйөөсү атып салганКара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Былтыр сот эркин басылманын ишин токтотуп, сайты бөгөттөлгөн эле.Газада cогуш башталганына 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз. Анклавды ачарчылык коркунучу тооруду....more18minPlay
May 27, 2025Жаңылыктар | 27.05.2025 | Пробация жана 50 миң сом айып. Жоомарт Карабаевге өкүм чыктыКөз карандысыз экспертиза жүргүзүүдө "күч органдары кийлигишерин" айтып чыккан Жоомарт Карабаевге сот пробациялык үч жылдык жаза чегерип, 50 миң сом айыппул салды. Карабаев өзү айыпты четке какты.Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү мурдагы чектөөнү алып салды. Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияга санкция салууну карап жатканы кабарланды."Киргизия" конушундагы кызыл чектен чыгып кеткен деген дубалдары түрттүрүлгөн үй ээлери мэриянын үстүнөн сотко арызданат. Мэрия шаардын башкы планына ылайык иш жүрүп жатканын билдирди....more30minPlay
May 26, 2025Жаңылыктар | 26.05.2025 | Трамп Путинди "акылдан адашты" деп сындадыУкук коргоочу Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алды. Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада чуу чыкты.Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүүнүн алкагында Киргизия конушундагы үйлөрдү сүрдүрүү аракеттери башталды. Азырынча канча үй сүрдүрүлгөнү так эмес....more16minPlay
May 23, 2025Жаңылыктар | 23.05.2025 | Оштун казысы эмне үчүн кармалды?Орусия менен Украина бири-биринин аймактарына чабуулун улантууда. Бейшембиде Москвада жана башкалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды. Ош шаарынын казысы, дагы бир диний кызматкер кармалды. Атайын кызмат казыятта такай мыйзамсыз акча чогултулган деп айыптады. Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев эмне үчүн өлкөдөн чыга албайт? Ушундай эле чектөөгө камалып, кийин акталып чыккан журналисттер дагы кабылганын айтышты. 20 жылдан бери мугалим болуп иштеген, беш балалуу аял батирге муктаж. Мугалимдер менен дарыгерлер мамлекетик ипотекага кантип илинет?...more24minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.