Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
December 13, 2022Бишкектеги кара түтүн: "Баш ооруп, жөтөл токтобойт"Дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башында турган Бишкекте ыш маселеси кайрадан башкы көйгөйгө айланды. "Азаттыктын" кабарчысы борбордун Алтын Казык, Калыс-Ордо жаңы конуштары менен Төмөнкү Ала-Арча айылдарындагы кырдаалды айтып берет....more17minPlay
December 13, 2022Өткөндүн сабагы: диктатура менен репрессия киндиктешКыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты....more30minPlay
December 06, 2022"ВИЧ иштөөгө, үй-бүлө курууга тоскоол болбойт"ВИЧ инфекциясына кабылгандардын айрымдары бул ооруга чалдыккандарга жардам берип жүрүшөт. Санжар менен Николай дискриминация, басынтуу жана дарт менен жашоонун оош-кыйыштарын айтып беришти. Ошондой эле ВИЧ инфекциясына байланыштуу "уламыштар" тууралуу, алдын алуу жолдору жөнүндө ой бөлүшүштү....more20minPlay
December 05, 2022Таштандыны суперкомпьютер иргеп, жарык чыгаратКанткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди....more12minPlay
November 30, 2022Чычырканакты коргогон экоактивистЧычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз....more11minPlay
November 30, 2022Жашоо үчүн күрөшкөн ЖеңишбекЖеңишбек 13 жашта болгону менен тулку бою үч жаштагы баладай. Дайыма төшөктө же кол арабада жатат. Баса да, отура да албайт. Салмагы болгону 12-13 килограмм....more12minPlay
November 22, 2022Байгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?...more17minPlay
September 18, 2022"Кырк жыл иштеп, көчөдө каламбы?""Эл үнү" радио түрмөгүнө Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынан Аксамай Борбуков кайрылып, 20 жылдан бери жашап келаткан батиринен күчкө салып чыгаруу аракети болуп жатканын даттанды. Батирге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ачык акционердик коому ээлик кылат....more9minPlay
August 03, 2022Жакшылык: Блогерлерге ишенбегилеЧикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун координаторлорунун бири Жакшылык Мурат жарандарды мыйзамдуу жолдор менен, ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип барууга чакырууда....more3minPlay
August 03, 2022Айсалкын: Америкага балдар менен суу кечип өтүп келдикАКШга Мексика аркылуу азап-тозок менен жол тарткандар көбөйгөнү байкалууда....more2minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.