Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
August 28, 2020Элитасы жок эгемендик (аудио)Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык....more25minPlay
August 24, 2020“Дин тутунгандарды сыйлайм, эгерде алар мыйзам чегинде болсо”Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт. Химия, физика сыяктуу илимдер өнүккөнгө чейин, адамдар жаратылыштагы кубулуштарды сыйкырдуу күчтөр жасап атат деп ишенишчү. Ошол эле сыяктуу, балким, азыркы окуялардын толук түшүнүүгө дараметибиз менен аң сезимибиз өсүп өнүгө электигинен улам адамдан жогору турган күчтөргө, мисалы Жаратканга, байланып аткан болушубуз мүмкүн деп эсептейт....more23minPlay
August 19, 2020Рухидин: Дин эскиликке эмес, бакытка үндөйтКыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат....more24minPlay
August 15, 2020Аңчылар быйыл 800 кайберенди атмай болду (аудио)Кыргызстанда аңчылык сезон башталды. Ага ылайык, тоо текеден эле 700 баш жана 120 аркар-кулжаны атууга лицензия берилди....more4minPlay
August 07, 2020Жетинчи күндүн адвентисттери: алар кимдер?«Биз жана дин» түрмөгүндө протестант агымынын бир багыты болгон Жетинчи күндүн адвентисттери жөнүндө баянды угасыз....more12minPlay
August 05, 2020Пандемия мени динге жакындатты“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Анара Жумабаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусияда мигрант экенин, пандемия учурунда үйдө ишсиз жатып, диний амалдарга кызыга баштаганын айтып берет....more5minPlay
July 25, 2020Мурас, дин жана мыйзам"Биз жана дин" түрмөгүндө мураскорлук жана аялдардын мураска болгон укугу тууралуу сөз кылабыз. Мыйзамдуу эрежелерге диний көз караштын таасирин талдайбыз....more12minPlay
July 18, 2020Исламдын кыргыз маданиятына тийгизген таасириИслам дининин кыргыз тилине жана маданияты таасир этүү жараяны уланууда.Айрым замандаштарыбыз диний түшүнүктөр мусулманчылык аркылуу кыргыз элинин салтына азыр сиңирилип жатат дешсе, кээ бирөөлөр ислам дининин жөрөлгөлөрү эзелтен бери бизге жат болбогонун айтып келишет.Түркиянын «Стамбул Айдын» университетинин доктору, арабист Инаятулла Азимов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов ушул маселе боюнча маектешти....more10minPlay
July 14, 2020Хижама - коронавирустан айыгуу жолу эмесХижама деген эмне? Аны кимдер жасай алат? Кайсы маалда жасаса болот?...more11minPlay
July 11, 2020"Чубак ажы илимди сүйгөн диниятчы эле"Таанымал диниятчы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 11-июлга оогон түнү 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Дин маселелери боюнча эксперт маркумду замандаштары менен чогуу эскерет....more9minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.