
Sign up to save your podcasts
Or


Бул подкастта талкууланган темалар:
- Христиандар мурда мусулмандарчалык эле такыба болгонбу? Азыр эмнеге күчүн жоготууда? Буга алардын жана биздин молдолордун айыбы барбы? Биздин айыбыбыз барбы? Христиандар алтын жалатып чиркөө салса, мусулмандар да ошол багытта баратабы? Эркин ой жүгүртүүгө бут тосуу диндин өзүнүн келечегине зыянбы? Адамдардын кайдыгерлиги жана билбестигине адамдардын өзү күнөөлүүбү? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго ойлор айтылды. Бул тема дагы талкууланууга тийиш.
Бул подкастта талкууланган темалар:
- Тарыхты окуу, тарыхтагы фактылар канчалык чын, Корея тарыхы алар айткандай болгон эмеспи, кулчулук
- Америкадагы кулчулук, аргументтерге жараша ойду өзгөртө билүү, көк беттенип бир тарапты кармап туруп алуу
Алгач ютубдан "Ихсан кооперативи" деп жазып жалпы картина алсаңыздар болот. Андан кийин бул подкастты угуу түшүнүктүүрөөк болушу мүмкүн. Ихсандын иши коомчулукка тикелей зыян жана диндин аброюна тикелей шек келтирди деп ойлойм. Пирамидалык системалар, ипотека жана башкалардын ньюанстары көп жана баарын эле адал же арам деп бөлүү кыйын.
Аракетчил редактор Генри Луи Менкен жөнүндө кыскача үзүндү жана 2 суроо.
Контентчи - Маалымат аркылуу керемет жашоого (https://kontentchi.com/)
Бул эпизоддо Дооронбек экөөбүз Айтматов, Кастро, Усейин Болт сыяктуу искусство, илим-билим, спорт жана саясат тармактарындагы адамдардын ийгиликтеринин себептерин талкууладык. Алардын ийгилиги жашынан белгилүү беле? Алардын биологиялык жана социалдык-экономикалык чөйрөсү канчалык таасир берди?
Талкууланган темалар:
- Мышыкка боору ооруу.
- Британияда кедейчиликте жашаган жумушчулар менен аристократтардын жашоосун салыштыруу (аңгемеден эскерүү).
- Жаш балдарды иштетүү. БУУнун (ООН) жаш балдарды коргоо резолюциясы.
- Турция аялдарга алгачкылардан болуп добуш берүү укугун ыйгарган.
- Мурдакы замандарда жаш каза болгон жоокерлерге элдин боору азыркыдай ооруган эмес.
- Мурдакы жашоонун моралдык эрежелерин башкача болгон.
Талкууланган темалар:
Бул эпизоддо адамдар арасындагы бири-бирине болгон ишенимдин экономикага тийгизген таасири, же экономиканын ишенимге тийгизген таасири жөнүндө кеп болот. Бай өлкөлөрдө элдер арасында ишеним жогорураак экен. Кыргызстанда бул абал кандай деп ойлойсуз?
From the publisher's feed

2 Listeners