Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.
May 26, 2023“Туткундагы жоокерлердин көбү кайтпай калган”Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө элек. Иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын айтымында, согуштун алгачкы жылдары туткунга түшкөн жоокерлердин көбү лагерлерде каза болгон....more26minPlay
May 17, 2023Азамат Алтайдын ЖАМУдагы мурасыЖалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат....more14minPlay
May 16, 2023Таластагы көтөрүлүш: совет бийлиги жашырган жазалоо1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз....more32minPlay
April 27, 2023Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедияларТарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз....more24minPlay
April 10, 2023Иракта томсоргон кыргызстандык келиндерИрактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кантип кетебиз деп жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирип берүүнү өтүнүштү....more17minPlay
April 10, 2023Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлериТарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз....more37minPlay
April 05, 2023"Мени абактан элдин сүрүнөн коркуп бошотушкан"Жарандык активист Афтандил Жоробеков менен “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позиция тууралуу маектештик....more23minPlay
March 30, 2023Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөрАксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп....more16minPlay
March 30, 2023Баланын башын сылаган фостердик үй-бүлөлөрРапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат....more12minPlay
March 28, 2023Фатима Абдалова: "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам""Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди....more26minPlay
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.