Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
Жазыксыз жерден жайран болгон тагдырлар. Саясий репрессиянын айтылбаган өңүттөрү. Улут трагедиясын унуттурбаган коомдук эс тутум. "Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарыхтын актай калг... more
FAQs about Куугунтук курмандыктары:How many episodes does Куугунтук курмандыктары have?The podcast currently has 39 episodes available.
April 27, 2023Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедияларТарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз....more24minPlay
April 10, 2023Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлериТарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз....more37minPlay
March 27, 2023“Чоң атамды басмачы дешкен”. Памирден Ванга көчкөн Рахманкул ханТүркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди....more28minPlay
March 10, 2023Басмачылык кыймыл: далилдүү маалыматтан уламыш көп1918-1930-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу талаштуу пикирлерге азырга чейин чекит коюла элек. Басмачылар баатырларбы, талоончуларбы? Укуктук баа берүүдө эмнеге көңүл буруш керек? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы талкуулайбыз....more19minPlay
February 15, 2023Советтик режим жашырган чындык: Херсондогу кыргыздар“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдарында Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздар тууралуу белгилүү журналист жана публицист Амирбек Азам уулу, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын изилдөөлөрү менен тааныштырабыз....more29minPlay
February 02, 2023Репрессия: КГБ архиви ачпаган сырлар1920-50-жылдардагы репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоору бир айдан бери талкууланууда. 1994-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордо Улуттук архив фонду тууралуу дагы өзгөртүү сунушталды. “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул маселени талкуулайбыз....more33minPlay
January 24, 2023Концлагерден Кыргызстанга чейинки жолТеатр таануучу, куугунтук курмандыгы Людмила Жапар кызы Молдалиева - 2-Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда депортацияланган советтик немис үй-бүлөлөрдүн биринин мүчөсү. Ал энеси Мариянын “эмгек лагеринде” кечирген күндөрү, репрессияга кабылган атасын Кыргызстандан кантип табышканын айтып берет....more44minPlay
December 23, 2022СССРдин аң-сезимде калган мөөрүДүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя – СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болот. 15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун - 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн....more32minPlay
December 13, 2022Өткөндүн сабагы: диктатура менен репрессия киндиктешКыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты....more30minPlay
FAQs about Куугунтук курмандыктары:How many episodes does Куугунтук курмандыктары have?The podcast currently has 39 episodes available.