Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт. Химия, физика сыяктуу илимдер өнүккөнгө чейин, адамдар жаратылыштагы кубулуштарды сыйкырдуу күчтөр жасап атат деп ишенишчү. Ошол эле сыяктуу, балким, азыркы окуялардын толук түшүнүүгө дараметибиз менен аң сезимибиз өсүп өнүгө электигинен улам адамдан жогору турган күчтөргө, мисалы Жаратканга, байланып аткан болушубуз мүмкүн деп эсептейт.