[1]."Ааламдын Ээси"-Кыргыз рухий клип/"Повелитель Вселенной"-Киргизский духовный клип.3gp///Сөз адам болду
1
Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
2 Сөз эң башында Кудайда болгон.
3 Бардыгы Ал аркылуу башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес.
4 Анда өмүр болгон, ал өмүр адамдар үчүн жарык болгон.
5 Жарык караңгыда жаркырап турат, караңгылык жарыкты каптаган жок.
6 Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле.
7 Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калыш үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.
8 Ал Жарык эмес болчу, бирок Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.
9 Бул дүйнөгө келген ар бир адамды жарык кылуучу чыныгы Жарык бар эле.
10 Ал бул дүйнөдө болгон, дүйнө Ал аркылуу жаралган, бирок бул дүйнө Аны тааныган жок.
11 Ал Өз элине келди, бирок Өз эли Аны кабыл алган жок.
12 Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди.
13 Алар кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлүштү.
14 Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле.
Чөмүлдүрүүчү Жакандын күбөлөндүрүүсү
15
Жакан Ал жөнүндө бийик үн менен мындай деп күбөлөндүрдү: «“Менден кийин Келе Жаткан менин алдыма чыкты, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам».
16 Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык.
17 Анткени мыйзам Муса аркылуу берилди, ал эми ырайым менен чындык Ыйса Машайак аркылуу пайда болду.
18 Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Аны бизге Атанын ичиндеги жалгыз Уул көрсөттү.