Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Маданият:How many episodes does Маданият have?The podcast currently has 816 episodes available.
April 27, 2023Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедияларТарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз....more24minPlay
April 10, 2023Иракта томсоргон кыргызстандык келиндерИрактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кантип кетебиз деп жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирип берүүнү өтүнүштү....more17minPlay
April 10, 2023Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлериТарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз....more37minPlay
April 05, 2023"Мени абактан элдин сүрүнөн коркуп бошотушкан"Жарандык активист Афтандил Жоробеков менен “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позиция тууралуу маектештик....more23minPlay
March 30, 2023Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөрАксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп....more16minPlay
March 30, 2023Баланын башын сылаган фостердик үй-бүлөлөрРапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат....more12minPlay
March 28, 2023Фатима Абдалова: "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам""Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди....more26minPlay
March 27, 2023“Чоң атамды басмачы дешкен”. Памирден Ванга көчкөн Рахманкул ханТүркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди....more28minPlay
March 22, 2023Карападагы гүл өсүп-өнүгүүгө өбөлгөАдам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмөдө өстүрүлгөн гүлдөр кишинин саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан....more14minPlay
March 21, 2023Бир үйдө үч майып бала баккан энеАдистер акыркы жылдары майыптыгы бар балдар көбөйүп жатканын айтышууда. Мамлекеттик "Жеткиликтүү өлкө" программасынын божомолу боюнча, 2020-жылдан бери майыптыгы аныкталган балдар жылына миңге арбып жатат. Бир үйдөн бир нече ден соолугунан мүмкүнчүлүгү четкелген балдар да төрөлүүдө....more12minPlay
FAQs about Маданият:How many episodes does Маданият have?The podcast currently has 816 episodes available.