Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Маданият:How many episodes does Маданият have?The podcast currently has 816 episodes available.
December 26, 2022Кунарсыз талааны кулпунткан сөксөөлКыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунда. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. “Жашыл Планета” түрмөгүндө сөксөөл талаалары, токойчулардын эмгеги, тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз....more24minPlay
December 26, 2022"Балдарга эле кыйын болду". Чек ара жана миграцияБаткен - миграциянын күчтүү агымына туш болгон аймактардын бири. Мигранттын айылда калган балдары, үй-бүлөсү чек арада чыр чыккан учурда эң аялуу катмарга айланат. Миграциянын чек ара айылдарындагы балдарга тийгизген таасири тууралуу баянды сунуштайбыз....more14minPlay
December 23, 2022СССРдин аң-сезимде калган мөөрүДүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя – СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болот. 15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун - 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн....more32minPlay
December 15, 2022Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?“Азыркы кыргызстандык” подкастында Таш-Көмүр шаарында жаштардын, жалпы эле окурман талабына жооп берген коомдук китепкана ачам, ошону менен аң-сезимди өзгөртөм деген Чыңгыз Урматалиев менен баарлашабыз. Коворкинг деген эмне? Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?...more16minPlay
December 14, 2022Чүрпөсү менен батир издеген НадираКыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Максат айылынан жер которуп келип, Бишкекте батир издеп жүрүп көз жарган Надира Каримова тууралуу баян....more12minPlay
December 13, 2022Бишкектеги кара түтүн: "Баш ооруп, жөтөл токтобойт"Дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башында турган Бишкекте ыш маселеси кайрадан башкы көйгөйгө айланды. "Азаттыктын" кабарчысы борбордун Алтын Казык, Калыс-Ордо жаңы конуштары менен Төмөнкү Ала-Арча айылдарындагы кырдаалды айтып берет....more17minPlay
December 13, 2022Өткөндүн сабагы: диктатура менен репрессия киндиктешКыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты....more30minPlay
December 06, 2022"ВИЧ иштөөгө, үй-бүлө курууга тоскоол болбойт"ВИЧ инфекциясына кабылгандардын айрымдары бул ооруга чалдыккандарга жардам берип жүрүшөт. Санжар менен Николай дискриминация, басынтуу жана дарт менен жашоонун оош-кыйыштарын айтып беришти. Ошондой эле ВИЧ инфекциясына байланыштуу "уламыштар" тууралуу, алдын алуу жолдору жөнүндө ой бөлүшүштү....more20minPlay
December 05, 2022Таштандыны суперкомпьютер иргеп, жарык чыгаратКанткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди....more12minPlay
November 30, 2022Чычырканакты коргогон экоактивистЧычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз....more11minPlay
FAQs about Маданият:How many episodes does Маданият have?The podcast currently has 816 episodes available.