Асель Сооронбаева, фактчек сайтынын кыргыз редактору өзүн үч сөз менен мүнөздөгөндө бул сөздөрдү айтып кетти: дайыма билимге ачык, тырышчактык жана жөнөкөйлүк. Ар тараптуу адиске булар эң керектүү сапаттар.
Медиакыздар подкастынын коногунун акыркы беш жыл таржымалын карасак, бул нерсеге бир нече далилдерди бере алабыз. Убагында политология илимин окуп, уюлдук компанияда оператордон баштап, тейлөө кызматын текшерүүчү бөлүмүнө чейин иштеп, дүкөндү иштетип, ондогон журналисттик окутууларды, мектептерди бүтүп, бүгүн алгачкы фактчекинг порталынын кыргыз редактору болуп келе жатат.