ЖККУ аскерлери Казакстандан чыгарыла баштады. Кыргыз жоокерлери 14-январда Бишкекке кайтып келээри маалым болду. Алматыдагы башаламандыкта каза тапкан Азиз Мусаев менен Бахтияр Базарбаевдин сөөктөрү мекенине жеткириле элек. Коңшу өлкөдө төрт жаран камакта. Ооганстанда жашоонун айынан өз бөйрөгүн саткандар көбөйдү.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы түзүмүн бекитти. Казакстандагы башаламандыкта канча жай тургун каза тапканы так айтыла элек. 12-январда Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы эки бейтаптан аныкталды. Алматыда кармалган төрт кыргыз жараны бошотула элек.

Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев туңгуч президент Нурсултан Назарбаевди сындады. ЖККУнун бейпилдик күчтөрү эки күндөн кийин коңшу өлкөдөн чыгарыла баштарын билдирди. Алматыдан 150дөй кыргызстандык Бишкекке жеткирилди. Сот камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок.

Алматыдагы башамаландыкта кыргызстандык жаран набыт болду. Казакстанда жашаган кыргызстандыктарды текшерүүлөр күчөдү. Башаламандыкта жалпы канча адам каза болгону так айтыла элек. Айрым шаарларда тургундар жакындарын издеп таба албай убара. Женевада АКШ менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды.

Казак телеканалы Алматыдагы митингге «жалданып келген» деп көрсөткөн жигит кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экенин жакындары, кесиптештери тааныды. Алматыдагы башаламандыктарда дагы бир наристенин өмүрү кыйылды. Казак Ички иштер министрлиги алты миңдей киши кармалганын, арасында чет элдиктер да бардыгын жекшембиде жарыяларды.

10 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.