Президент Садыр Жапаров Кумтөр кени 100 пайыз Кыргызстанга өтүп, талашка чекит коюлганын билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кумтөргө байланыштуу айыпталып жатышкан Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев жана Төрөбай Зулпукаровду 30-январга чейин камакта калтырды. Алматыда 69 жашка караган курагында акын, диссидент Арон Атабек дүйнө салды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, Европада мартка чейин коронавирустан дагы 700 миң кишинин өмүрү кыйылышы ыктымал. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Улуттук банк 23-ноябрда жыл башынан бери эң чоң интервенция жасап, өлкөнүн валюта рыногуна 70,3 миллион доллар сатты.

Болгарияда автобус кырсыктап, кеминде 45 адам каза болду. Жабык жайлардагы коррупциялык иштерди жана кыйноо фактыларын айтып чыккан Акжол Раимбердиев жумуштан алынганын билдирди. Бишкекте жол оңдоого бюджеттен бөлүнгөн акчанын 360 миллион сому уурдалганы аныкталды.

Президент Садыр Жапаров Сокулуктагы «Ак-Ордо-3» конушунун тургундарына «кызыл китептер» 2022-жылдын май айына чейин берилерин айтты. Москвада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары кармалып, полиция аларга уруксат берилбеген акция уюштурду деген айып койду. АКШда майрамдык парадга чыккандарды машине сүзүп, беш киши каза болду.

Добуш сатып алуу фактысы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоодон четтетилди. Президент Садыр Жапаров "чыккынчылар кайсы убакта болбосун шайлоодон кийин жоопко тартыла турганын" билдирди. Германия Беларус-Польша чек арасындагы мигранттарды кабыл албайт.

19 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.