Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну 8,5 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноодо коңшу мамлекеттин жарандарына жардам берген деп айыпталышкан. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков чет жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Ал "300 миң доллар алды" деп айыпталып жаткан экс-депутаттын ишинин алкагында кармалган эле. Жакындары Шинжаңда камакта отурган казактар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Нааразылык акциясына чыккандар консулдуктун маңдайына чатыр тигүүгө аракеттеништи.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы "Кыргызалтын" ишканасынын аккредитациясын токтотту. Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Орусиянын Пермь мамлекеттик университетиндеги атышууда алты киши каза болду.

Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити аяктады. Анда Ооганстандагы кырдаал талкууланды. Ички иштер министрлиги "бийликти күч менен басып алуу аракети" деп аталган иш боюнча бир катар депутаттарды, экс-чиновниктерди күбө катары суракка алышы талкуу жаратты. Баткен облусунда сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен шек саналып кармалды. Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылы анын негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Барадардын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты. Кыргызстанда 1,5 жылдан бери дээрлик жабык турган мектептер кадимки тартипте окууну баштады.

19 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.