Парламенттик шайлоо үчүн партиялардын арыздарын кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташына эки күн калды. Үч күндүн ичинде 15тей билдирме түштү. Канадалык «Центерра Голд» компаниясы Кумтөрдүн карьеринде топтолгон суунун көлөмү кооптуу абалга жеткенин эскертти. Кыргызстандын атынан кенди башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк муну төгүнгө чыгарды. АКШ президенти Жо Байден америкалык күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылып кетиши боюнча билдирүү жасады. Талибдер өлкө толук эгемен болду деп майрамдашты.
Кыргызстан эгемендиктин отуз жылдыгын белгиледи. Борбордогу салтанатта аскердик парад жана эмгекчилердин жүрүшү өттү. Көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду. Эл аралык лигада “Жети-Өгүз”, биринчи лигада “Көк-Жал” утуп чыкты. АКШ Ооганстандагы эвакуациясын жыйынтыктап, аскерлерин толук чыгарып кетти.

Кыргызстанда жаңы ГЭСтин курулушуна капсула салынды. Өлкөдөгү суу сактагычтарда суу азайып, энергетика кризиске кептелгени айтылып жаткан. Бишкекте айдоочуну атып салган, деп шек саналган милиционер тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды. Ал эки күн мурда жолдогу араздашууда айдоочуга ок чыгарган. Казакстанда согуштук ок-дары сактаган кампадагы жарылууда өлгөндөрдүн саны 14 кишиге жетти. Жамбылдагы окуянын себептери иликтенүүдө.

Кыргызстанда эң ири үч шаардын – Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлери шайланды. Бишкек менен Ошто бийлик жана шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк көрсөткөн бирден гана талапкер болду. Кошмо Штаттар жана башка батыш мамлекеттери өз жарандарын Кабул аэропортунун айлана-тегерегинен оолак болууну эскертешти. Алар миңдеген адамдар топтолгон жерде террордук чабуулдар болуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусиянын борбору Москвада полицияга түшкөн кыргызстандыктардын саны өстү, өз жердештерине карата жасалган кылмыштар өзгөчө көп.

Кабул аэропортунда бир күн мурдагы жардыруулардан каза тапкандардын саны 85 кишиден ашты. Алардын 13ү америкалык аскерлер. АКШ президенти Жо Байден бул чабуулдун артында турган "Ислам мамлекети" террордук тобуна чара көрүлөрүн эскертти. Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү беш күн ичинде узунунан - 180 чакырымды сүзүп өттү. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону 27-августта Балыкчыда жыйынтыкталды.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан өз жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды 31-августка чейин чыгарып кетмей болду. Бишкек шаардык соту “Кумтөр иши” боюнча камалган экс-премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Саясатчынын тарапташтары эки күн катары менен митингге чыгышты. Ички иштер министрлиги коронавирус боюнча ПЧР тесттин жасалма анализ кагазын cаткандар жөнүндө жарыяланган журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерет.
18 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.