114 миң сом айлык акы алып, "Кыргызтелекомдо" иштеген Камчыбек Ташиевдин тууганы делген Замир Кожомуртовдун айланасында чыр чыкты. Ооганстанда жашаган 77 кыргыз Тажикстандын аймагына кире качты. Ысык-Көлдө Абердин-ангусс тукумундагы уй багуу күч алды.

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында сел жүрүп, анын кесепетинен алты киши каза болуп, дагы эки адам изделүүдө. Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши камакка алынды. Иракта коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканада өрт чыгып, 70тей киши каза тапты.

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Таалатбек Масадыковду дайындады. Бишкек шаардык кеңешке өтпөй калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Кубада коммунисттик бийликке каршы миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан бир кыргыз жоокери каза болду. Ош шаарында добуш сатып алууга шектелген алты киши кармалды. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвада билдирүү жасап, алар Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратпай турганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөр кенине байланыштуу бардык келишимдерден чыгууга чакырды. Президент Садыр Жапаров өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Жапониянын өкмөтү коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан Токиодо өзгөчө кырдаал жарыялады.

21 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.