Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Мамлекет башчы айрым журналисттерге берген кыска комментарийинде добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын билдирди.
Орусиянын армиясы 29-ноябрга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киев жана Киев облусу, Днепр жана Харьков аймактарын ракета жана учкучсуз учактар менен жапырт аткылады. Негизинен Киев шаары жана Киев облусу бутага алынды.
Соңку маалыматтарга караганда, кеминде үч киши каза болуп, ондогону жараат алды.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Ал качан кайрыларын тактаган жок, учурда арыз даярдалып жатканын маалымдады.